Ош шаарынын айрым көчөлөрү убактылуу жабылат. Тизме

Жазылуу
Мындай аракеттер жол тыгындарын алдын алуу жана коопсуздук максатында жасалат.

ОШ, 16-апр. — Sputnik. 19-20-апрель күндөрү Ош шаарындагы айрым көчөлөр убактылуу жабылат. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, "Ош — түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" эл аралык салтанаты учурунда жол тыгындарын алдын алуу жана коопсуздук үчүн маданий иш-чаралар белгиленчү жайларга жакын жайгашкан айрым кѳчѳлѳр убактылуу жабылат.

"Бул күндөрү Курманжан датка менен Совет, Ленин менен Нурматов, Ленин менен Баялинов көчөлөрүнүн кесилиши жана Курманжан датка менен Сай-Бою көчөлөрү жабылат", — деди Сыдыков.

Аталган жол кесилиштерин милиция кызматкерлери көзөмөлдөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0