Мамкаттоо биометрикалык паспорттордун эскиздерин көрсөттү

© Фото / пресс-служба ГРС КРЖалпы жарандык биометрикалык паспорттордун эскизи
Жалпы жарандык биометрикалык паспорттордун эскизи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ведомстводон билдиришкендей, жаңы документтердин коргоо элементтери жогорку деңгээлде.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы биометрикалык паспорттордун эскиздерин жарыялады.

Буга чейин ведомстводон билдиришкендей, жаңы документтин мурдагыдан айырмасы — чип менен жарандын персоналдык маалыматтары камтылган поликарбонаттык барак камтылган. Ошондой эле паспорт 40 элемент менен корголгон. Мындан сырткары, чет өлкөгө көп каттаган жарандар үчүн виза баракчалары көбөйдү (50 бет, башкалар үчүн 34 бет).

Паспорттун ар бир бетинде Кыргызстандын кооз жерлери чагылдырылган (тоолор, жаныбарлар ж.б.).

Мамкаттоо жаңы үлгүдөгү паспорттор трансчекаралык кылмыштарды аныктоого, документтерди жасалмалоого бөгөт коюу максатында жасалып жатканын эскертти.

Ведомство бул документтерди эки этап менен ишке ашырууда. Биринчи этаптын алкагында 2017-жылдын май айында эл аралык үлгүдөгү eID-карталары берилген. Экинчи этапта электрондук жалпы жарандык паспорттор (ePassport) Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) стандарттары менен ишке киргизилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0