Депутат: менчик клиникадагылар миң долларга чейин айлык алат

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүКольская центральная районная больница
Кольская центральная районная больница - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү ишинин майнабы жок деп күнөөлөнгөн кыргызстандык дарыгерлерди коргоп, өзүнүн пикирин билдирди.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Кыргызстанда дарыгерлер чет өлкөгө жана менчик клиникаларга кетип калып жатат деди Жогорку Кеңештин депутаты Альфия Самигуллина. Бул маалыматты эл өкүлү "Жеке же мамлекеттик медицина. Кыргызстандагы бейтаптардын коопсуздугу жөнүндө" деп аталган тегерек столдо сүйлөп жатып айтты.

Анын пикиринде, өлкөдөгү медицинанын деңгээли врачтарга гана байланыштуу эмес, нааразы болуп жаткандар да жасаган мамилесин өзгөртүшү кажет.

"Саламаттыкты сактоо тармагына финансылоонун 30 пайызы жетпей калат. Бул базалык зарыл делген керектөөнүн муктаждыгы. Мамлекеттик ооруканалардагы орточо айлык акы 8-12 миң сомдун тегерегинде. Ал эми алардан каны-жаныңды берип иште деп талап кылып жатабыз. Менчик клиникаларда жакшы адис 500дөн 1000 долларга чейин айлык алат", — деди ал.

Деятельность Республиканского ожогового центра - Sputnik Кыргызстан
Дарыгерлер айта албаган нерсе ачыкталды! Мурдагы медиктин ызалуу маеги
Самигуллина маселени чечиш үчүн дарыгерлердин айлыгын көтөрүп, оорукананы заманбап медициналык жабдуу менен камсыздап, оңдоп-түзөө зарылдыгын белгиледи. Анткен менен буга бюджеттин каржысы жетишпестигин кошумчалады.

Тегерек столдо жеке медициналык ишмердүүлүккө байланышкан мыйзам долбоору талкууланды. Анда менчик клиникалардын лицензиялык көзөмөлүн жана саламаттыкты сактоо тармагынын бирдиктүү системасын өнүктүрүү боюнча кеп болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0