Мектеп окуучулар. Архивдик сүрөт

Бүтүрүүчүлөр үчүн "Алтын тамга" тестирлөөсү май айында өтөт

56
(жаңыланган 17:40 17.04.2019)
Окуунун отличниктери мамлекеттик аттестацияны төрт предмет боюнча тапшырат.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. 11-класстар үчүн "Алтын тамга" тестирлөөсү 8-майда өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Тестирлөө "Алтын тамга" аттестатын алам деген бешке окуган балдар үчүн уюштурулат.

Мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация төмөнкү предметтер боюнча өтөт:

  • Эне тил жана адабият — кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, өзбек тили жана адабияты;
  • Алгебра (тестирлөө);
  • Кыргызстандын тарыхы (тестирлөө);
  • Химия (тестирлөө).

Райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү, бардык типтеги жалпыга билим берүү уюмдары аттестатка талапкерлердин тизмесин 26-апрелге чейин Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Мектепке чейинки, мектеп жана мектеп тышында билим берүү башкармалыгына жөнөтүшү керек.

56
Белгилер:
аттестат, тестирлөө, Тамга, Кыргызстан