Үч эмдин ордуна эгиз кыздуу болгон келин. Ишти министрликтин комиссиясы иликтейт

© Sputnik / Табылды КадырбековЫмыркай көтөрүп турган аял. Архив
Ымыркай көтөрүп турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ымыркайлардын ата-энеси дарыгерлерге кине коюуда.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Ош облустук ооруканасында үч эм күтүп, бирок эгиз төрөгөн Гүлзина Абдимажитованын ишин иликтөө боюнча Саламаттык сактоо министрлиги атайын комиссия түздү. Маалыматты мекеменин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова тастыктады.

Эскерте кетсек, эгиз кыздар 9-апрель түнү жарыкка келишкен. Бирок алардын энеси Абдимажитова буга чейин беш ирет УЗИ аппаратына түшкөнүн, бешөө тең үч түйүлдүк бар деп көрсөткөнүн айтып, дарыгерлерге нааразы болууда.

"Ишти Саламаттык сактоо министрлиги түзгөн атайын комиссия иликтемей болду", — деди Айгерчинова.

Абдимажитова операция жолу менен төрөгөн. Нааразы болгон ата-эне дарыгерлердин үстүнөн арыз жазып, Ош шаардык прокуратурасына кайрылды.

Эгиз кыздарга азырынча ысым бериле элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0