Тамак-аш. Архив

Эртең мененки тамактан баш тарта көрбөңүз! Зыяны айтылды

2626
Окумуштуулар 113 бейтаптын маалыматтарын анализдеген.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Эртең мененки тамакты ичпегендер жана кечки тамакты түн ортосунда жегендер жүрөгү кармап ооруп калгандан кийин көпкө чейин өзүнө келе албайт. Мындай жыйынтыкка кардиологдор келгенин European Journal of Preventive Cardiology журналы жазды.

Окумуштуулар 113 бейтаптын маалыматтарын анализдеген. Алардын орточо курагы 60 жаш болуп, изилдөөгө катышкандардын 73 пайызын эркектер түзгөн.

Бейтаптардын 58 пайызы түшкө чейин суу же кофеден бөлөк эч нерсе ичпей жүрүүнү адат кылып алган. Ал эми изилдөөгө катышкандардын 51 пайызы уктаганга эки саат калганда тамак ичишкен. Бейтаптардын 41 пайызында жогорудагы эки адат тең болгон.

Изилдөө көрсөткөндөй, эки адаты тең бар бейтаптардын инсульт алгандан кийин бир айдын ичинде кайтадан жүрөгү кармап калуу коркунучу 4-5 эсе жогорулаган.

Андыктан окумуштуулар эртең мененки тамакты калтырбай ичиш керектигин айтып, ал эми кечки тамакты эртерээк ичип-жеген туура экенин айтышууда.

2626
Белгилер:
ден соолук, медицина, изилдөө, бейтап, Окумуштуулар
Тема боюнча
Депутат: Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы жылына 2 млн. доллар таза пайда берет
Турусбеков: медиктер ар дайым билим деңгээлин жогорулатып турууга тийиш
Бишкек шаарынын казысы болуп дайындалган Замир Ракиев. Архив

Бишкек шаарынын казысы болуп Замир Ракыев дайындалды

0
Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин буйругу менен дайындалган шаардын жаңы казысы бүгүн казыяттын жамаатына тааныштырылды.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын казысы болуп Замир каары Ракиев дайындалды. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин буйругу менен дайындалган шаардын казысы бүгүн жамаатка тааныштырылды.

"Муфтий Бишкек шаардык казыятынын жалпы эмгек жамааты менен жолугуп, казыяттын ишмердүүлүгү жоопкерчиликтүү экендигин баса белгилеп, жаңы дайындалган Бишкек шаарынын мусулмандар казысынын ишине ийгилик каалады", — деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаарынын казыятын буга чейин Садриддин Маджитов жетектеп келген. Ал 10-июлда оорудан улам каза болгон.

Ош облусун Жылкыбаевдин орун басары Юсупов жетектеп турмай болду

Шаарга жаңы дайындалган Замир каары Ракиев 1978-жылдын 15-февралында Нарын облусунун Кочкор района караштуу Шамшы айылында төрөлгөн.

0
Белгилер:
Замир Ракиев, Муфтий, дайындоо, Бишкек казыят
Тема боюнча
Бишкектин Ленин районуна жаңы аким келди

Кыргыз жерине апаат алып келген коркунучтуу 8 эпидемия. Видео

54
(жаңыланган 16:23 10.08.2020)
Көчмөндөр башка дүйнө эли сыяктуу эле коронавирустан да коркунучтуу ооруларды баштан кечирген. Деген менен биз бул тандоого коронавирусту да киргиздик.

Бүгүнкү заманбап медицинанын тушунда тарыхта ата-бабаларыбыз эпидемиялардан канчалык жапа чеккендигин көпчүлүк элестете албайт. Көчмөн урууларынын өзүнчө жашоосу, керек болсо, тоонун таза абасы да айрым учурда аларды коркунучтуу оорулардан сактай алган эмес.

Карантинден кийин кыргызстандыктар кандай өзгөрөт. Психологдордун пикири

Кара тумоо, чечек, пес оорусу, сифилис, күйдүргү, кургак учук көчмөн элин кыргынга учураткан оорулардын тизмесин толуктабаса да, дал ушул илдеттер адам өлүмүн арбыткан эпидемиялардан болгон.

Бул айтылгандар тууралуу кененирээк билгиңиз келсе, Sputnik Кыргызстандын видеосун көрүңүз.

54
Белгилер:
коронавирус, эпидемия, эл, көчмөн, Кыргызстан
Тема боюнча
Учурда өлкөдө канча адам ооруканада COVID менен күрөшүп жатат? Статистика
Билл Гейтс: бизди коронавирустан дагы чоң алаамат күтүп турат