Кош бойлуу аялды карап жаткан гинеколог. Архив

Аял-эркектин тукумсуздугуна себеп болгон жагдайлар. Гинеколог менен маек

2989
(жаңыланган 12:05 19.04.2019)
Нуржан Найзабекова
Орунгүл Омошева Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун гинеколог-эндокринологу. "Биз — ата-энебиз" рубрикасынын алкагында ал тукумсуз нике, анын себептери, дарылоо, алдын алуу, бойго бүтүүдөн сактануу, бойдон алдыруунун залалы азыраак ыкмалары жана мөөнөтү тууралуу айтып берди.

Кыргызстанда соңку мезгилде, адистердин айтымында, жатынды кырып тазалаган же кандайдыр бир операциялардын кесепетинен тукумсуз жубайлар көбөйүүдө. Адистер ага тынчсызданып, бойго бүтүрүүнүн алдын алуу, кокус бойго бүтүп калса, азабын тартып калбоо, тукумсуздукка же көчөгө ташталган балдардын төрөлүшүнө жол бербөө үчүн жок дегенде бойдон алдыруунун туура жолун тандап, мындай кадамга врачтын көзөмөлүндө гана барууга чакырат.

Гинеколог-эндокринолог Национального центра охраны материнства и детства Орунгуль Омошева
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун гинеколог-эндокринологу Орунгүл Омошева

— Кыргызстанда тукумсуздук боюнча кырдаал кандай, канчалык курч?

— Тукумсуз нике — биздин өлкөдө гана эмес, бүт дүйнөдө чоң көйгөй. Кыргызстанда тукумсуздук жыл сайын өсүп барат. Бул көйгөйдү жоюу боюнча 30 жылдан ашуун иштеп келем. Жагдайды биздин өлкөдө жыныстык жол аркылуу жуккан оорулардын көптүгү курчутат. Адегенде тукумсуз нике эмне экендигине аныктама берейин.

Жубайлар сактанбаганына карабай бир жыл ичинде бойго бүтүрө алышпаса, бул жагдай тукумсуз нике болуп саналат. Үч түрү кездешет. Алгачкы тукумсуздук — аялдын турмушка чыгып, бирок бир жыл бою боюна бүтүрө албаган учуру. Мурда бойдон түшүп же түйүлдүк жатындын тышына бүтүп калышынан улам жаралганы — тукумсуздуктун экинчи түрү. Үчүнчү түрү — абсолюттук тукумсуздук. Бул жыныс органдарындагы дарылоого болбогон, бойго бүтүрүүгө жол бербеген өзгөрүүлөргө байланыштуу. Бул ички жыныс органдарынын тубаса жоктугу болушу мүмкүн. Кээде буга хирургиялык операциянын натыйжасында аялдын жатын түтүгүн, эне бездеринин алынышы себеп болушу ыктымал.

Же кайсы бир оорунун генетикалык тубаса формасы, мисалы, жатын же эне бездеринин жоктугу абсолюттук тукумсуздук болот. Акыркы кезде Кыргызстанда жатынды кырып тазалоолор, бойдон алдыруулар же бөлөк операцияларга байланышкан тукумсуздуктун экинчи түрү көбөйүп кетти.

— Андай көрүнүштүн алдын алуу үчүн эмне кылуу зарыл?

— Жубайлардын бала көрүү бактысына ээ болушу үчүн ар бир ата-эне кызынын да, уулунун да саламаттыгына кенедейинен кам көрүүсү шарт. Кыздардын айызы келер чагында алардын ушул функциясынын бузулушу көп кездешет. Айрым кыздар 18 жашка чыкса да айызы келбейт. Көбүнесе коомубузда ата-энелер кыздарынын айызынын келишин этибарга ала беришпейт, ага байланышкан көйгөйлөр жокпу, дарты барбы деп убагында сурап турганы оң. Кандайдыр бир көйгөй болсо, дарыгерге көрсөтүү кажет. Кыргызстанда кичине кыздарды караган гинекологдор да жок эмес, кызды алпарып, келечекте тукумсуздукка алып келчү оору аныкталса, дароо дарылатуу керек.

Эркек балдарга гигиена, эрте жыныстык катнаштын зыяны туурасында маалымат берүү абзел. Себеби азыр жыныстык жол менен жугуучу, кийин кесепети тукумсуздукка кептеген инфекциялар өтө көп.

— Бир топтон бери балалуу боло албай жүргөн жубайларга кандай кеңеш берет элеңиз?

— Эгер түгөйлөр сактануу ыкмаларын колдонбой, алты айдан ашуун дайым кошулуп, бирок бойго бүтүрө алышпаса, көп создуктурбай врачка кайрылганы оң. Мындай жагдайда күтүү кажетсиз. Жок дегенде ден соолуктун жалпы абалын текшерүү керек. Анткени себептери өтө көп жана ар кыл болушу мүмкүн. Азыр дүйнө сексуалдык жактан абдан бузулган, анын кесепетинен жыныстык жол менен жуккан инфекциялар оголе көп. Айрыкча, хламидиялардан пайда болгон инфекциялар түтүктөрдү өтө жабыркатып, тукумсуздукка кептейт. Аял гана эмес, күйөөсү да дарыгерге кайрылышы абзел. Эркек киши уролог менен андрологго көрүнүп, спермограмма тарттырып, сперматозоиддердин саны азайган жокпу, алардын активдүүлүгү жана морфологиясында өзгөрүү барбы-жокпу, аныктоо зарыл. Эгер бир көйгөй аныкталса, кошумча репродуктивдүү технологияларды жасап же дарылануу керек.

Аялдар да гинеколог менен эндокринологго кайрылып, тукумсуздуктун башкы себебин таап, ошондон соң гана дарыланууну баштоо зарыл. Бирок дарыланууну өтө создуктурбоо керек. Маселен, мурда ар кандай клиникаларда дарыланып, бирок эч майнап чыкпаган 35 жана андан жогорку курактагы жубайлар кайрылат мага. Эгер бир жыл, эки жыл эч жыйынтык болбосо, кошумча репродуктивдүү технологияларды да бир сынап көргөн оң. Кыргызстанда ЭКО ИКСИ боюнча борборлор оголе арбын. Жылдан-жылга бала күтүү функциясы чабалдагандыктан, бойго бүтүрүүнү кечеңдетпөө керек.

Гинеколог-эндокринолог Национального центра охраны материнства и детства Орунгуль Омошева
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Орунгүл Омошева: Өспүрүм кыздар 18ге толо электе, өзгөчө 13-16 жашта кош бойлуу болуп калышууда. Мындай куракта бойго бүткөнү өтө кооптуу, секелек кыз ага моралдык жактан да, дене түзүлүшү жагынан да даяр эмес.

— Аборт тукумсуздукка кандайча алып келет? Эгер кокус бойго бүтүп калса, аялга кандай кеңеш бересиз?

— Аборт — бул 22 аптага чейинки мөөнөттө кош бойлуулукту токтотуу. Эрте деп 12 жумага дейре, ал эми эң кеч — 22 аптага дейре мөөнөттө бойдон алдырууга болот. 6 аптага жеткирбей мануалдык вакуумдук аспирация, ал эми 12 жумага чейинкиси кичи аборт жасалат. Сиздин сурооңузга жооп узатуудан мурун өспүрүм кыздардын кош бойлуулугу туурасында кеп козгогум келет. Тилекке каршы, бул коомубузда кеңири тарап бараткан көрүнүш. Бойдон алдырган кыздардын көбү кийин турмушка чыкканда бала күтүп зарыгышат.

Өспүрүм кыздар 18ге толо электе, өзгөчө 13-16 жашта кош бойлуу болуп калышууда. Мындай куракта бойго бүткөнү өтө кооптуу, секелек кыз ага моралдык жактан да, дене түзүлүшү жагынан да даяр эмес, себеби бала көтөрүүгө органдары өсүп жетиле элек убак. Бала үчүн да, эне үчүн да андай жагдай — чоң тобокелдик. Ошондуктан андайды эң башта, айыз кечиккенден 21 күн өткөрбөй дары, тагыраагы, таблетка менен бойдон түшүрүү зарыл, бул — жатынга зыян келтирбеген эң коопсуз ыкма.

Ушундай мүмкүнчүлүктөр болсо да жаштардын врачтарга өтө кеч кайрылганы кейиштүү. Кечээ жакында эле мага бир кыз келди, 18 апта, болжол менен үч айлык кош бойлуу. Кээде кыздар 25-30 жума болгондо келишет, анда бойдон алдыруу кооптуу.

Ошондо да кыздар: "Азыр боюмдан алдырсам, кийин төрөй аламбы?" – деп сурашат. Ушуга абдан санааркайм. Келечекти ойлосоңор, андайга жеткирбөөгө тырышкыла дегим келет.

Жыныстык катнашка барган ар бир кыз азырынча балалуу болууну пландабаса, сактанууга тийиш. Азыр сактануунун жолдору арбын, аны эркек тараптан гана күтүп болбойт. Ар бир гинеколог сактануунун ыкмаларын түшүндүрүп, бейтабына алардын кайсынысы ылайык келерин айтып берет. Эгер сактануу жолдорун билбесе, кош бойлуулуктун алгачкы белгилерин билип алуу маанилүү. Эң алгачкысы — айыздын кечигиши. Кан анализин тапшырып, УЗИден өтүш керек. Дагы кайталайын, алты апталык мөөнөттө таблетканын же мануалдык вакуумдук аспирация - залалы азыраак ыкмалардан. Же ал убактан өтүп кетсе, 12 жумадан кечиктирбей бойдон алдыруу керек, бирок андан кийин анын кесепетин тартпоо үчүн сөзсүз түрдө врачка кайрылууга үндөйт элем. Кыздар базардан таблетка сатып алып, түшүнүксүз схема менен ичип алып, кийин кансырап, фолликулярдык киста, айыз циклинин бузулушу, ички жыныс органдарынын сезгенишинен азап тартышат.

Бойдон алдыруунун өзүнүн эле кесепети канча, туура эмес жасалган болсо, аял андан бетер азабын тартат. Мөөнөтү узаган сайын бойдон алдыруу татаал, аялдын организми үчүн чоң тобокел. Кош бойлуулукту токтотуунун кандай жолу болбосун, эң эрте жасалганы да врачтын көзөмөлүндө өтүүгө тийиш!

— 30 жылдык тажрыйбасы бар врач катары биздин өлкөнүн аялдарына эмне айткыңыз келет?

— Кыргызстандын бардык айымдарына кайрыларым, эгер пландабай бойго бүтүп калган болсо, кеп-сөз болуудан чочулабай, тез чечим чыгарыңыз. Көз жарган соң ымыркайды дааратканага ыргыткандан көрө, эң башта бойдон алдырган оң. Кыздар, үй-бүлөнү пландаштыргыла, бойго бүткөндөн сактангыла, же андайдын алдын алып, эң жакшысы, жыныстык жашоону эрте баштабагыла.

Ардактуу ата-энелер, өзгөчө апалар, кыздарыңар менен бул темада ачык сүйлөшкөнгө көнгүлө. Эгер өзүңүздөр батына албасаңыздар, кыздарды адистерге алпарыңыздар. Албетте, ачык сүйлөшүү десе энелер кыздарын жыныстык катнашка баруу же таблетка ичүүгө үндөшү керек экен дегендик эмес, кеп "абийирди жашыңдан сакта" принцибинде тарбиялашында. Эне кызы кокус ушундай абалга кептелсе, коркпостон, чочулабастан айта алгандай ишеним жаратууга тийиш.

Ошондой эле сактанбаган катнаш болуп калса, бойго бүтүрбөө үчүн 72 саат ичинде ичиле турган чукул контрацепция бар экендигин аялдарга маалымдап кетер элем, мындай ыкма 95-99 пайызга таасир этет. Бойдон алдыруунун кайсы түрү болбосун кооптуу, себеби болжоолдуу жасалат.

Маек "Биз — ата-энебиз" автордук программасынын алкагында алынды. Бул – ата-энелик милдет жана бала тарбиялоо тууралуу социалдык долбоор. Аталган долбоор үй-бүлөнү жоопкерчилик менен куруу, ошону менен бирге эле кош бойлуулукту, төрөттү пландоо, балдарды тарбиялоо боюнча аялдар менен эркектердин маалымдуулугун арттырууну көздөйт. Белгилүү кыргызстандыктардын ата-энелик вазийпасын кантип аткарганы, ошондой эле ушул багытта кеп-кеңеш, сунушун аябаган адистердин (акушер-гинеколог, педиатр, диетолог жана психологдордун) маектери назарыңыздарга сунушталат.

2989
Белгилер:
кош бойлуулук, жатын, аборт, гинеколог, ата-эне
Тема:
"Биз - ата-энебиз" социалдык долбоору (13)
Тема боюнча
Дарика Асылбашева: үй-бүлөмдү да, карьерамды да эбак пландаштырып койгом
Гүлнур Төралиева: көз жаргандан үч күн өтпөй ишке чыксам премьер таң калган