Сууга түшүп кеткен 5 жаштагы Барсбектин сөөгү табылды

Жазылуу
Барсбектин изделип жатканына бүгүн 8 күн болду.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. 11-апрелде Ат-Башы суусуна түшүп кеткен 5 жаштагы Барсбек Бектемировдун сөөгү табылганын Sputnik Кыргызстан агенттигине бөбөктүн туугандары билдирди.

Эскерте кетсек, жакындарынын, ӨКМ куткаруучуларынын Барсбекти издеп жатканына бүгүн 8 күн болду.

"Бала Васильевка айылынан табылды", — дешти жакындары.

ӨКМдин маалыматында бала 19-апрель күнү саат 12.15те Чүй дарыясынын Бирлик менен Гроздь айылдарынын ортосундагы бөлүгүнөн табылган. Бул Барсбек түшүп кеткен жерден 12-13 чакырым ылдый экени маалым болду.

Буга чейин Барсбектин кош бойлуу энесинин абалы начарлап, Саламаттык сактоо министрлиги адистерди жибергени айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0