Бишкектин кээ бир жерлеринде 23-апрелде суу жок болот. Тизме

© Sputnik / Жоомарт УраимовСуу толтурулган бөтөлкөлөр. Архив
Суу толтурулган бөтөлкөлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Суу "Батыш-2" суу кампасында аткарыла турган оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Бишкектин айрым аймактарында 23-апрелде суу жок болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, эртең мененки саат 09:00дөн 18:00гө чейин төмөнкү аймактарда суу берүү үзгүлтүккө учурайт:

  • Фучик, Фрунзе көчөлөрү жана Манас проспектиси менен чектешкен аймак;
  • №31, 13, 8, 2 орто мектептери;
  • №№ 8, 22, 72, 164, 165, 167 бала бакчалары;
  • Калык Акиев көчөсүндөгү №73 бала бакча;
  • №3 бала бакча;
  • "Балдарды коргоо" борбору;
  • "Арпа" ААКы;
  • "Ош" базары;
  • "Берекет Гранд";
  • "Берекет Универсал" соода комплекстери;
  • "Берекет";
  • "Берекет" ЖЧКсы;
  • Улуттук илимдер академиясы;
  • Улуттук банк;
  • №2 төрөткана;
  • Бишкек троллейбус башкармалыгы;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана;
  • Некрасов көчөсүндөгү "Бишкекункомбинаты" ААКы;
  • ВЧ-4 УГПС;
  • Ленин райондук администрациясы;
  • УПП-2 ОСиГ;
  • Бишкек финансы-экономикалык академиясы;
  • "Кыял" бирикмеси;
  • Кыргызстан эл аралык университети;
  • Батыш РЭС;
  • Жаш Гвардия бульварындагы Республикалык радиотелеборбор;
  • Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин медицина факультети;
  • Ленин райондук соту;
  • №100 лицейи;
  • Бөкөнбаев көчөсүндөгү Мамлекеттик тил боюнча мамлекеттик комиссия жана Кыргыз энциклопедиясы;
  • "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасы;
  • №2 стоматология.
Жаңылыктар түрмөгү
0