Баннердеги ката: иштен алынган кызматкер Билим берүү министрлигин сотко берди

© Sputnik / Табылды КадырбековГлава управления профессионального образования Минобразования Гульмира Абылкасымова
Глава управления профессионального образования Минобразования Гульмира Абылкасымова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сот отуруму кийинки жумада болот.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Билим берүү министрлигинин Кесиптик билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Гүлмира Абылкасымова министрликти сотко бергенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Абылкасымова Бишкекте өткөн Россия менен Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форумунда илинген баннердеги ката үчүн иштен алынган. Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары трибунанын алдындагы жазууда ката кеткенин байкап, бул тууралуу жазып чыгышкан. Өз кезегинде билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева ал жерде эч кандай деле ката жок экенин айткан болчу.

Абылкасымованын айтымында, отурум Биринчи Май райондук сотунда 26-апрелде болот. Ал иштен жүйөсүз айдалганын айтууда.

"Ыза болуп жатам. Министрликте 23 жыл иштедим, эч качан эскертүү алып, жемелөөгө кабылган эмесмин. Баннерлер боюнча сатып алуу бөлүмү иш алып барышы керек болчу. Анын баарын министрдин орун басары Кудайберди Кожобеков тескеши керек эле. Форумдун аталышын Россиянын Билим берүү министрлиги менен КР президентинин аппараты макулдашышы керек болчу. Министрдин орун басары бул иш менен жеке өзү алектенген. Болгону эптеп бир кишиге шылташ керек болду", — деди Абылкасымова.

Доочу мамлекеттик кызмат тууралуу мыйзамга карабастан иштен алынганын белгилеп жатат. Анын айтымында, 3-апрелде саат 17:30дарда дисциплинардык комиссия жыйын куруп, чечим кабыл алган. Ошол эле күнү Абылкасымовага иштен кетирилгени тууралуу буйрукту карматышкан.

Калп детекторунан өтүп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жогорку кызматта иштечүлөр калп детекторунан өтөт. Кадр кызматынан репортаж
"Протокол толтуруп, мени тааныштырышы керек болчу. Андан кийин жетекчилик буйрук чыгарышы керек эле. Бул жерде мамлекеттик кызмат тууралуу мыйзам бузулуп жатат. Мен 3-апрелде эртеден кечке жумушта болгом", — деди Абылкасымова.

Ал эгерде тапшырма түз ага берилгенде катага жол бермек эместигин, анын жоопкерчилигиндеги иште ката кетсе, өзү эле кызматынан кетип калмактыгын белгиледи.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы окуянын чоо-жайын тактап туруп толук маалымат беребиз деп сөз берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0