Бишкектен иш издеп жүрөсүзбү? Ишканалар 4000 орун сунуштоодо

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүЯрмарка вакансий в Москве
Ярмарка вакансий в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
20дан ашуун уюм жарманкеге келгендер үчүн бош орундар тууралуу айтып бермекчи.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкекте 25-апрель күнү кезектеги вакансиялар жарманкеси өтө турганын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү башкармалыгы билдирди.

Айыл чарба министрлигиндеги вакансия. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Айыл чарба министрлигиндеги бош орундар. Тизмеси жана талаптары
Иш-чара саат 10.00дө Кыргыз улуттук университетинин башкы корпусунда өтөт. Белгилей кетсек, окуу жай Фрунзе көчөсү, 547 дарегинде жайгашкан (Манас проспектиси менен кесилишет).

Жарманкеге Бишкек шаарындагы 20дан ашуун уюм менен ишканалар катышып, 4000дин тегерегиндеги вакансия сунушталат.

Кандай жумуш орундары бар экенин 0(312) 43-47-70, 43-47-49, 43-47-65 телефондору аркылуу билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0