Келерки апта да жаанчыл болобу? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековПлощадь Ала-Тоо во время дождя
Площадь Ала-Тоо во время дождя  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Синоптиктердин берген маалыматына караганда, келерки аптада мезгил-мезгили менен жамгыр жаап турат.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Келе жаткан аптанын алгачкы күндөрүндө Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында күн күркүрөп, жамгыр жаап, бийик тоолуу райондорунда кар түшүшү  күтүлөт. Бул туурасында Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы жумага берген аба ырайынын божомолунда айтты. 

Күндөн коргонуп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Май айында аба ырайы кандай болорун синоптиктер билдирди
22-23-апрелде көпчүлүк аймактарда жамгыр төгөт, тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жамгыр катуу жаайт деген божомол айтылды.  Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо катуулап,  15-20 метрге жетиши ыктымал.

24-25-апрелде дагы ушундай эле аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр  жаайт.

Апта аягы жума, ишемби күндөрү да кээ бир райондорго жамгыр төгөт.  Абанын күндүзгү температурасы бир аз жогорулайт.

Бишкек менен Ош шаарларында 21-апрелде күндүз жана 22-23-апрель күндөрү мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0