Өпкөнүн рентген сүрөтүн карап жаткан дарыгер. Архив

Бронхит, пневмония деп жүрө бербеңиз! Өпкө рагынын белгилери, себептери

2029
(жаңыланган 10:27 23.04.2019)
Таалайгүл Усенбаева
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, Кыргызстанда онкологиялык оорулар боюнча эркектер арасында ашказан рагынан кийин эле өпкө рагы көп катталат экен. Ал эми бейтаптар билбей жүрө берип, дарыгерлерге оорусу өтүшүп кеткенде гана кайрылгандыктан теңинен көбү көз жумары маалым болду.

Мындай дартка чылымдан башка нерселер дагы себеп болушу мүмкүнбү? Ооруну убагында кантип аныктаса болот, белгилери кандай? Мындай илдетке балдар да кабылабы? Sputnik Кыргызстан агенттигинин ушул жана башка суроолоруна Улуттук онкология борборунун көкүрөк рак бөлүмүнүн башчысы Мукаш Чолпонбаев жооп берди.

Илдет эмнеден пайда болот?

Өпкө рагына көп фактор себеп болушу мүмкүн. Биринчи орунда чылым турат. 10 жыл бою күндө жарым же бир кутудан чылым чеккен кишинин ооруга кабылуу коркунучу 25 эсеге көп. Чылымдын катарында насвай дагы бар. Бул дагы өпкө рагына алып келиши толук мүмкүн. Мындан сырткары, шахтада иштеген адамдар, ширетүүчү, айдоочулук кесиптин ээлеринин да илдетке кабылуу кооптуулугу күч.

Өпкө рагына алып келе турган заттар чылымдын түтүнүндө да бар. Ал тургай, өзү эмес, күйөөсү чылым чеккен аялдардын көкүрөк рагына кабылган учурлары кездешет. Тамекинин түтүнү чеккен адамды 20 пайызга чейин, ал эми айланасындагы адамдарды 80 пайызга чейин ууландырат.

Ошондой эле завод-фабрикадан, жеке үй, мончолордон чыккан түтүн дагы өпкөдө залалдуу шишикти пайда кылышы мүмкүн. Алсак, көп шамалдабаган ири шаарларда өпкө рагына кабылгандар көп кездешет.

Аталган илдетке кабылгандардын 95 пайызы чылым чеккендер болсо, 5 пайызы башка жол менен чалдыккандар.

Оорунун белгилери

Өпкө рагынын өзүнө таандык белгилери деле жок. Өнөкөт болуп эсептелген бронхит, пневмония дартына окшош эле болот. Тынымсыз жөтөлүп, какырык чыгып турат. Бирок өпкө рагына кабылган адамдыкынан бир нерсени байкаса болот. Мисалы, бронхит же пневмония дартына чалдыккандарда эртең мененкисин гана какырык чыгып, күндүз кургак жөтөл болсо, ракка өтүп кеткенде күн бою какырык тынбай чыгып, кан да аралаша баштайт. Бул - өпкө рагынын эң негизги белгилеринин бири. Жөтөл менен кошо көкүрөк туш оорута башташы илдеттин өтүшүп кеткенинен кабар берет. Анткени бул учурда шишик өпкөдөн боор эт, кабырга, омуртка жана анын айланасына тарап кеткен болот. Мындан сырткары, илдетке кабылгандар арыктап, алы кете баштайт.

Өпкө рагы эч качан таза организмде пайда болбойт

Залалдуу шишик эч качан таза организмде пайда болбойт. Көбүнчө оору өтүшүп кеткенде, туура эмес дарыланганда залалдуу шишикке айланат. Мисалы, өпкөгө суук тийип же сезгенип калган учурда аны туура эмес дарылап же өтүштүрүп жиберсе, ал өнөкөт дартка айланат. Аны да өз убагында дарылабаса, ракты пайда кылуучу факторлор таасир этип, клеткадагы мутация кайталанып, ракка өтүп кетет. Өпкө рагына көп жылдык процесстен кийин кабылышат. Ал дароо эле таза организмде пайда боло калбайт. Өнөкөт оору өтүшүп өпкө рагына өтүп кеткен учур өспүрүмдөр арасында да катталган. Алсак, дарыгерлер 12 жаштагы кызга операция жасашканы маалым.

Бейтаптар көбүнчө оору өтүшүп кеткенде кайрылышат

2018-жылы Улуттук онкология борборунун көкүрөк рак бөлүмүндө өпкө рагы менен 100 миң калктын санына карата 6 миң адам катталган. Бирок алар дарыгерлерге оорусу өтүшүп кеткенде кайрылгандыктан теңинен көбү көз жумган. Учурда көкүрөк рак бөлүмүндө 25 миңге чукул бейтап каттоодо турат. Алардын арасында айыгып кеткендери да бар.

Өпкөдөгү залалдуу шишик кээде бир эле операция менен жакшы болуп кетсе, айрымдарына нур, химиотерапия талап кылынат. Бул оорунун деңгээлине жараша.

Онкология борборунун статистикасы боюнча 2017-жылы кекиртек, өпкө жана өпкө бронхтору рагына 465 эркек, 139 аял кабылган.

Дарттын алдын алуу жолу

Дарттын алдын алуунун эң эле ыңгайлуу жолу — сергек жашоо. Мында чылым, насвай чекпей, таза абада көбүрөөк жүрүп, колдон келсе спорттун бир түрү менен машыгуу керек.

Ошондой эле өнөкөт ооруларды, ошол эле жөтөлдү да убагында, туура дарылоо зарыл. Дарыгерлер жазып берген күчтүү препараттардын жарымын ичип таштап салбай, аягына чейин инструкция менен колдонуу зарыл.

Шахта же ширетүү жайларында иштегендер бет кап же респиратор кийип, маал-маалы менен дарыгерге өпкөсүн текшертип турганы оң. Жылына бир жолу дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп, рентгенге түшүп коюу ашык болбойт.

2029
Белгилер:
кеңеш, дарыгер, оору, өпкө рагы, рак
Тема боюнча
Аял-эркектин тукумсуздугуна себеп болгон жагдайлар. Гинеколог менен маек
Калемпирдин кайсы түрү өпкө рагынан сактайт? Окумуштуулардын изилдөөсү