Боом капчыгайы 5 күн маал-маалы менен жабылып турат

© Sputnik / Эмиль СадыровБоомдору автоунаалар. Архив
Боомдору автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аймакта таш кулатуу иштери жүрөт.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Бүгүнтөн тарта Боом капчыгайында жол маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы билдирди.

Таш кулатуу иштери 22-26-апрель күндөрү Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 131 жана 132-чакырымында жүрмөкчү.

Жол саат 9.00дөн 15.00гө чейин жабылат. 30-40 машина топтолуп калган учурда иш токтотулуп, унааларга жол берилет.

Таш күндүз жана күн ачыкта кулатылары айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0