Владимир Зеленский жубайы Елена менен

Украинанын 41 жаштагы болочок биринчи айымы. Елена Зеленская жөнүндө фактылар

2437
(жаңыланган 11:07 22.04.2019)
Sputnik Кыргызстан Владимир Зеленскийдин жары Елена Зеленская туурасындагы маалыматтарды сунуштайт.

БИШКЕК, 22- апр. — Sputnik. Украинадагы президенттик шайлоонун экинчи туру кечээ, 21-апрелде, болуп өттү. Анда ат салышкан Петр Порошенкого салыштырмалуу экинчи талапкер Владимир Зеленскийге тагдырдын ташы ооду. Учурда Зеленский берилген добуштун 73 пайызын алгандыгы айтылууда.

Атаандашынын жеңишин таанып куттуктаган Порошенкого башкалар да кошулду.

Украинанын болочоктогу президенти, жеңүүчү аны колдогон өз командасын жана үй-бүлөсүн, жары Елена Зеленскаяны куттуктады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Фан Володимира Зеленського (@zelenskiy_official_fan)

Sputnik Кыргызстан Владимир Зеленскийдин аялы Елена Зеленская туурасындагы маалыматтарды сунуштайт.

Владимир Зеленскийдин жубайы Елена алгач күйөөсүнүн президенттик шайлоого катышуусуна так секирип каршы чыккан. Бул туурасында украиналык ЖМКлар жазды. Бирок иш олуттуу кадамга айлана баштаганда жубайын колдоп баштаган.

Елена Зеленская 1978-жылы Украинанын Кривой Рог шаарында жарык дүйнөгө келген. Кыз кезиндеги фамилиясы — Кияшко.

Кировдогу техникалык университеттин курулуш факультетин артыкчылык диплом менен аяктаган.

Бирок азыр кесиби менен эмес башка жаатта эмгектенет.

Ал Владимир Зеленскийдин классташы. Тагдыр аларды студент болгондон кийин табыштырган.

Бир катар басылмалардын маалыматына караганда, экөө жаңыдан таанышканда Еленанын жандап жүргөн башка адамы болгон. Бирок кыз Владимирди тандаган.

Алар бирге жашагандан кийин сегиз жылдан соң гана Владимир Зеленский колун сурап, 2003-жылы баш кошушкан.

Учурда 14 жаштагы Александра аттуу кызы жана 6 жаштагы Кирилл аттуу уулу бар.

Жергиликтүү 5-каналдын билдиргенине караганда, Елена Зеленская "95 Квартал" деп аталган программанын автору.

Кезегинде ал күйөөсү кошо ойногон КВНчилердин командасынын тексттерин жазып берип турган.

Ал эми "Слуга народа" сериалындагы мугалим Голобородьконун образын Елена түзгөнү айтылып келет.

Елена күйөөсү президент болуп кетсе деле сценаристтигин таштабай, анын сүйлөй турган сөздөрүн жазып бере тургандыгын тамаша-чынга салып айткан жайы бар.

Башка бизнеси да бар

Еленанын дагы башка бизнеси бар экени айтылып келет. Алардын президенттик шайлоонун алдында тапшырган декларациясына караганда, "Зелари Фиш" деп аталган балыкты кайра иштетүү боюнча компаниянын акцияларынын бир бөлүгүнүн да ээси.

Андан сырткары, 130 жана 284 чарчы чакырымдык батири бар. 337 чарчы чакырым аянттагы кеңсеси, автоунаа токтото турган жери жана Mercedes-Benz S 500 4Matic үлгүсүндөгү автоунаасы тизмектелген. Украинанын болочоктогу биринчи айымы Breguet, Piaget, Graff деп аталган атактуу бренддер чыгарган аксессуарларынын кожойкеси.

Жубайынын Владимир Зеленскийдин эч кимди эриктирбестигин, шайыр экендигин жазганы бар.

"Ал мени адамдыгы, интеллигенттиги жана курч акылы менен багындырды. Чогуу жашаган жылдары эригип же көңүлсүз жашаган жылдарым болгон жок ", — деген Зеленская.

Актер жана режиссер Владимир Зеленский учурда 41 жашта. Анын президенттик шайлоодогу жеңишин алдын ала бир топ саясий лидерлер куттуктап башташты.

2437
Белгилер:
жубайлар, президенттик шайлоо, Владимир Зеленский, Украина
Тема боюнча
Украинадагы президенттик шайлоо аяктады. Алдыда Зеленский келе жатат