Уран кениндеги иштер убактылуу токтоду. Өкмөттүн чечими

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев
Премьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уран кенинин айланасындагы иштер коомчулуктун нааразычылыгын пайда кылган.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев экологиялык экспертиза аяктаганга чейин Кызыл-Омпол тилкесиндеги уран кениндеги иштерди токтотуп турууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Чечим "Кыргызстандагы ЮрАзия" ЖЧКсынын ишмердүүлүгү боюнча кеңешмеде кабыл алынган.

"Тоң районунун жана Кочкор районунун аймагында жайгашкан Кызыл-Омпол уран кенинин ишин экологиялык экспертиза аяктаганга чейин токтотуп туруу тапшырылды", — деп айтылат маалыматта.

Кеңешменин жүрүшүндө белгиленгендей, 2018-жылдын 31-декабрында ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп, анын мүчөлөрү аймактын жашоочулары жана жергиликтүү кеңештин депутаттары менен жолугушкан. Ошондой эле лицензиялык аянттын жана кендин айланасынын табигый радиациялык фону өлчөнгөн. Иштин жыйынтыгы боюнча Таш-Булак Кызыл-Омпол лицензиялуу аянтынын кени боюнча эл аралык отчет даярдалган.

Химиялык калдыктарыд жок кылуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө уран казгысы келген компаниянын таржымалы
Бирок уран аянтын өздөштүрүү боюнча маселелерди терең жана ар тараптуу изилдөө максатында 2019-жылдын 18-апрелинде премьер-министрдин чечими менен бардык компетенттүү мамлекеттик органдарды тартуу менен кеңейтилген курамдагы ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн. Өкмөт башчы комиссиянын иш планын иштеп чыгуу жана бекитүү, айлана-чөйрөгө, мал чарбачылыгына жана адамдын саламаттыгына тийгизген таасирине карата мониторинг жүргүзүп, талдоону тапшырган. 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев уран кенине байланыштуу бардык чечимдер ушул комиссиянын ишинин жыйынтыгын эске алуу менен гана, бардык акыркы анализдер жана зарыл болгон экологиялык жана техникалык экспертизалар алынгандан кийин кабыл алынарын белгиледи.

"Уран кенинде иштеген компания 2004-жылы катталган, 2010-жылы геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат алган. 2013-жылы ал экинчи лицензиясын алып, ошондон бери ушул кенде ишин жүргүзүп келет. Бүгүнкү күнү атайын комиссиянын ишин күчөтүү, анын ачык жана айкын ишмердигин камсыз кылуу, ишке жогорку класстагы эксперттерди, парламенттин депутаттарын, жарандык коом жана жергиликтүү калк өкүлдөрүн тартуу керек. Болушунча объективдүү жана ачык иштөө кажет. Эгерде уран кениндеги ишмердүүлүк адамдардын саламаттыгына жана экологияга зыян келтире турган болсо, анда биз кенди иштетүүдөн баш тартууга тийишпиз. Ал эми мындай тобокелдиктердин жок экендиги аныкталып жана технологиялык процесс толук бойдон коопсуз болсо, анда комиссиянын ишинин жыйынтыгына карап башка чечим кабыл алуу зарыл. Ошондуктан мен комиссиянын дыкат, ачык жана объективдүү ишин камсыздоону тапшырам. Бул менин талабым жана өкмөттүн позициясы", — деди Абылгазиев.

Премьер-министр экологиялык маанилүү маселени көтөрүп чыккан жарандарга жана активисттерге ыраазычылык билдирди.

"Ден соолукка зыян келтирүү жана экологияны бузуу мүмкүндүгү маселелеринде эч кандай саясат болбошу керек. Инвестициялар, акча жана жумуш орундарын түзүү маселелери экинчи пландагы мүнөзгө ээ. Дагы бир жолу белгилей кетсем, чечим ден соолукка жана айлана-чөйрөгө, демек биздин келечегибизге зыян келтирүү мүмкүндүгү бар-жогуна жараша кабыл алынат. Муну баарыбыз так түшүнүүгө тийишпиз. Ошондуктан комиссия ишин аяктаганга чейин кенде бардык иштер токтотулушу керек. Компаниянын өкүлдөрү комиссиянын ишине активдүү катышып жана анын ишмердигине ар кыл көмөк көрсөтүүгө тийиш", — деп белгиледи Абылгазиев. 

Балаклавское месторождение известняка в Крыму - Sputnik Кыргызстан
Алтын, күмүш, нефрит, сурьма... Чет элдиктер ээлик кылган лицензиялар
Премьер-министрдин айтымында, бүгүнкү күнү бул участокто эч кандай казуу иштери жүргүзүлгөн жок жана комиссиянын иши аяктап, бардык экспертизалар алынганга чейин жүргүзүлбөйт.

Маалымдама: "Кыргызстандагы ЮрАзия» ЖЧКсы Кыргызстанда 2004-жылы катталган, 2010-жылы 18-ноябрда компания Кызыл-Омпол лицензиялуу аянтынын кенин геологиялык изилдөө максатында колдонууга 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөткө укук алган.

2013-жылдын 10-июлунда лицензия уран, торий, цирконий, темир, титан, фосфор, сейрек кездешүүчү топурак элементтерин жана талаа шпатын геологиялык чалгындоо иштерине багытталып кайра түзүлгөн. 2012-жылдан тартып жалпысынан "Кыргызстандагы ЮрАзия" инвесторлору геологиялык чалгындоо программаларына 271 миллион сом салышкан. Компания Тоң районунун ири жана негизги салык төлөөчүлөрүнүн бири болуп саналат. 

Уран иштетүүгө артыкчылыктуу участок катары Таш-Булак кени саналат, анда геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Таш-Булактагы уран кени учурда сырьенун жоктугунан токтоп турган Кара-Балта тоо-кен комбинатына сырье жөнөтүү үчүн негизги жергиликтүү булак болуп саналат. Уран кенинде 250дөй жумуш ордун, ал эми КБТКда – 450 жумуш ордун түзүү пландалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0