Көз ирмемде жок болгон бир айыл эл... 22-апрелде болгон окуялар

Жазылуу
Сөгөт айылынан эки жигит эле тирүү калган. Алар алты кабаттуу үйдөй болуп келе жаткан көчкү тууралуу айтып беришкен.

Sputnik кабарчылары 150 жылдын аралыгында Кыргызстандын аймагында болгон окуяларга саресеп салды.

1863. Черик уруусунун бийлери дароо үч тарапка айбат көрсөтүп, Кокон, Кытай жана Кашкар башкаруучуларына салык төлөөдөн баш тартат. Элчи жөнөтүп, ак падыша Александр IIнин карамагына өтүшөт.

1873. Кокондун эзүүсүнө каршы Лейлектеги кыргыздар көтөрүлөт. Анда 400 көтөрүлүшчү колго түшүрүлүп, дарга асылат.

1938. Кыргыз ССРинин жашоочулары безгектен жапа чегип турган кез. Фрунзенин көлмөлөрүнө безгек чиркейинин личинкасы менен азыктанган балык кое берилет. 

1941. Бийлик тракторчулардын арасында аялдардын аздыгына нааразы. "Трактор айдоо — аялдын иши эмес!" деп айткан кайсы бир колхоздун директору иштен алынат.

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүАнгелина Прасковья СССРдеги тракторчу аялдардын тунгуч бригадасынын уюштуруучусу
Көз ирмемде жок болгон бир айыл эл... 22-апрелде болгон окуялар - Sputnik Кыргызстан
Ангелина Прасковья СССРдеги тракторчу аялдардын тунгуч бригадасынын уюштуруучусу

1943. Эл арасына "черепашка" деп аталган мите курттун жайылышы. Андан арылуу үчүн бардык күчтөр мобилизацияланган.

1951. Жиберген каттары кайра өздөрүнө кайтарылган эл почтанын ишине нааразы экенин айтып чыгат. Мекеменин жетекчилери айыпка жыгылган.

1960. Ошто атеисттердин жыйындары үчүн атайын жай ачылат. Шаардыктар арасында атагы чыккан жер болгону маалым.

1970. Кыргызстандын тоолорундагы үңкүрлөр изилдөөгө алынат. Спелеологдор браконьерлер калтырып кеткен эликтин туяктарын таап алышат. Тартип сакчылары аларды үңкүрдө калтырып кеткен гезит аркылуу таап алышат. Көрсө, ал жерде гезитке жазылган адамдын дареги да бар экен.

АН-28 учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Учакты барымтага алган эки өспүрүм Африкага учуп кетмек... Караколдогу чуулуу окуя
1999. Республикалык соттук-медициналык экспертиза бюросунун кызматкерлерин аттестациялоо өтүп, ар бир төртүнчү адис андан өтпөй калган. Ал эми 8 пайызы таптакыр эле аттестацияланган эмес. Ал эми сынактан өтүп жаткандардын бири маркумдун организминде алкоголдун бар-жогун тилин кесүү аркылуу аныктоо боюнча божомолу экзаменаторлордун эсин оодарып салган.

2003. Бир айылдын эли көз ирмемде жок болгон!.. ӨКМ бир нече ирет Сөгөт айылында жашоо өтө кооптуу экенин эскерткенине карабастан, жашоочулар көчпөй койгон...

Ал күнү айыл тургундары бир заматта тонналаган ылай-баткактын алдында калган. Эки эле жигиттин аман калганы белгилүү. "Терезени карасам тоо көчүп келе жатыптыр", — деп айтып берген Нурлан Нуржанов. Бийиктиги 20 метрге жеткен көчкүнү алдында 40 киши калды, анын 16сы балдар эле...

2004. Бишкектин сапёрлору Башкы прокуратуранын жанына коюлду делген бомбаны издеп убара болушкан. Анонимдүү террорчулар имараттын жанындагы "Мерседеске" мина коюлганын кабарлаган. Аймакты курчап, иттерди алып келишкенден кийин жалган кабар экени аныкталган.

2009. Борбор калаадагы 15 фонтан ремонттон өткөн. "Эмен багы менен Жаштар аллеясындагы эки фонтан өтө кыйынчылык менен оңдолду", — деп айтып берген Бишкек суу каналдын башкы инженери Владимир Игнатенко. 

© Sputnik / Александр Поготов / Медиабанкка өтүүЭмен багындагы фонтан
Көз ирмемде жок болгон бир айыл эл... 22-апрелде болгон окуялар - Sputnik Кыргызстан
Эмен багындагы фонтан

2016. Шабдан баатыр көчөсүнө капиталдык ремонт жасала баштайт. Жолчулар иш өтчү аймакты бетон блоктору менен тосуп, тийиштүү белги коюп жарыктандырууну унутуп калышат. Мындай шалаакылыктан бир нече ири жол кырсыгы болуп, эки кишинин каза тапканы маалым.

Кыргызстандагы эң кылмыштуу жерлер - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы эң криминалдуу жерлер. 2018-жылдын рейтинги
2018. Кыргызстандагы Facebook колдонуучулар аркарды атып өлтүргөн белгисиз адамдардын видеосу менен бөлүшө башташкан. Алгач Кызыл китепке кирген жаныбарларды иттердин жардамы менен жардын башына такап барышат. Анан "баатырлардын" бири өйдө жактан таш кулатат, аркар жардан учуп, иттердин талоонунда калат.

Материалды даярдоодо "Советская Киргизия" жана "Вечерний Бишкек" гезиттеринин архиви пайдаланылды. Sputnik Кыргызстан редакциясы Улуттук китепкананын жамаатына ыраазычылык билдирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0