Өлкөнүн туристтик урааны тандалып, 5000 доллар ээсин тапты

Жазылуу
Туризмдин башка багыттарын жарнамалаган үч киши 1000 доллардан алат.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстандын туристтик урааны аныкталып, сунуштарды кабыл алуу токтоду. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.

Эскерте кетсек, буга чейин Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу өлкөдөгү туризмди өнүктүрүүгө багытталган эң мыкты ураанды тандап алуу конкурсу өтүп жаткандыгын айткан.

"Ураандын 6428 варианты түштү. Бул Кыргызстан үчүн абсолюттук көрсөткүч жана маанилүү окуя. Жеңүүчүнү сыйлоо аземи бүгүн, 23-апрелде, саат 17.00дө өтөт", — деп айтылат маалыматта.

Сынактын байге фондусу — 8000 доллар, анын 5000и жеңүүчүгө ыйгарылмакчы. Ал эми калган 3000 доллар туризмдин ар кыл багытын мыкты жарнамалагандар арасында бөлүштүрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0