Валентина Шевченко саясатка барышы мүмкүнбү? Мушкердин жообу

© Sputnik / Александр Гальперин / Медиабанкка өтүүБоец смешанных единоборств Валентина Шевченко
Боец смешанных единоборств Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шевченко азыр спорттук карьерасын түптөп алуу жолунда экендигин белгилеген.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстандык UFC чемпиону Валентина Шевченко келечектеги саясаттагы жолу тууралуу пикирин "Советтик спорт" басылмасына берген маегинде билдирген.

Журналисттин суроосуна жооп берип жатып, эжеси Антонина Шевченко менен кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиевдин Санкт-Петербургдагы UFC уюмунун турниринде утулуп калышы тууралуу оюн дагы айткан.

Кабарчы Шевченкодон спорттон кийин саясатка баруу ниети тууралуу сураган. Мушкер азыр спорттук карьерасын түптөп алуу жолунда экендигин белгилеген.

"Саясатка барсам мекендештерим жакшы кабыл алса керек деп ойлойм. Бирок азыр спорттук карьерам менен жигердүү алектенишим керек. Дагы көп нерсеге жетишүү зарыл. Баарын келечек көрсөтөт", — деген Шевченко.

Шевченко Кыргызстанга 7-апрелде келип, 8-9-апрель күндөрү Бишкекте жана Ошто күйөрмандары менен жолугуп, президент Сооронбай Жээнбековдун колунан "Даңк" ордени менен сыйланган. Ошондой эле бир жумалык эс алуусунда бир топ жерге барганга жетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0