Кочкоров балдар үйүнүн тарбиялануучулары үчүн Катар элчисинен жардам сурады

© Фото / пресс-служба Минтруда и соцразвития КРВстреча минтруда КР Улукбека Кочкорова и посла Катара в КР Абдуллы бин Ахмед Аль-Сулайти
Встреча минтруда КР Улукбека Кочкорова и посла Катара в КР Абдуллы бин Ахмед Аль-Сулайти - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элчи менен жолуккан министр калктын аяр катмарына колдоо көрсөтүү боюнча приоритеттүү багыттарды талкуулаган.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров жыл сайын балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү барар жери жок, жаман жолго түшкөн учурлар жок эместигин айтып, аларга атайын социалдык жатакана куруп берүүнү Катардын КРдеги элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайтиден өтүндү. Мындай маалыматты аталган министрлик таратты.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров  - Sputnik Кыргызстан
Министрликте бош орун көп, жаштарды жумушка чакырам! Улукбек Кочкоров менен маек
Элчи менен жолуккан министр Кыргызстандагы калктын аялуу катмарына колдоо көрсөтүү боюнча приоритеттүү багыттарды талкуулаган.

Кочкоров жакында Садовое айылында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык шаарча курулгандыгын жана ушундай үйлөрдү башка региондордо да куруу иштерин жүргүзүүнү сунуштаган.

Элчи Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти жогоруда айтылган маселелер, сунуштар боюнча биргеликте иш алып барууга даяр экендигин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0