Окууну таштап күйөөгө кеткен 5-класстын кыздары... 23-апрелде КРде болгон окуялар

© Sputnik / А. ПоликашинСельская школа в Туркмении
Сельская школа в Туркмении - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Советтик Кыргызстанда кыздардын эрте турмушка чыгуусуна каршы бир топ аракеттер көрүлгөн. Көп учурда ата-энелер кыздарын окутпай, аларга ылайыктуу күйөө издешкен.

Sputnik Кыргызстан редакциясы шаардык китепкананын архивин талдап, акыркы 100 жыл ичинде 23-апрель күнү болгон окуяларды тизмектеди.

1917. Кыргызстандык жумушчулар "8 сааттык иш күн!" деген ураан менен чыгышкан. Жергиликтүү тургундар барган сайын социалисттик идеянын айланасына көбүрөөк топтоло баштайт.

1938. Фрунзенин чайканаларындагы антисанитария менен күрөшүүгө шаар бийлиги билек түрүнө кирише баштайт. Ал кезде чайканага келген киши ошол жерде конуп-түнөп, күндүз жүргөн кийими менен эле уктап калчу.

1939. Жалал-Абадда 5-класстын 22 кызы окуусун таштап, ата-энесинин айтуусу менен турмушка чыгып кеткен.

1941. Биринчи жолу Советтик Кыргызстандын фармацевтикалык заводунда дары-дармекти бөтөлкөлөргө куюу автоматташтырылган. Сегиз сааттын ичинде ал автоматика 30 кишинин жумушун аткарган!

Последствия оползня в Буйнакске - Sputnik Кыргызстан
Көз ирмемде жок болгон бир айыл эл... 22-апрелде болгон окуялар
1948. Чүйдүн бир колхозунда миңден ашуун гектарга кара куурай айдалган. Ал учурда өсүмдүк өнөр жайы үчүн жалпы республиканын аймагында өстүрүлгөн. Кара куурайдан аркан, жип жана кездеме жасалганы маалым.

1953. Фрунзенин жака-белинде алгачкы питомник курулуп, анда карп балыгын өстүрүү каралган. Бул балыктардын салмагы 60 килограммга чейин барат. Карптар Ысык-Көлдүн суусунда сейрек болсо да азыр да кездешет.

1970. ШампанВинКомбинаттан 38 челек шарап уурдалган. Ичимдикти жасалма документ менен Брун аттуу адам алып чыгып кеткен. Кийинчерээк укук коргоо органдары ал киши Кыргыз ССРиндеги бир нече арак заводун карактап кетип жүргөнүн аныкташкан.

1980. Фрунзеде жогорку разряддагы биринчи ателье ачылып, ал ар кыл табит үчүн кийим-кече тиккен.

1995. Статкомдун маалыматы боюнча Кыргызстанда жашоонун орточо узактыгы 66 жаш деп белгиленген. Азыр бул курак 5 жашка жогорулады.

2000. Армиядагы ызы-чуу. Көптөн бери кызмат өтөгөн жоокер жаш аскердин төшүн тилип, крест тарткан. Мунун динге эч тиешеси болгон эмес, жоокер ушинтип көңүл ачканын айтып берген.

2002. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары 40 мүнөттүн ичинде 50 маселени карап, айрымдарын талкуулабастан эле добуш беришип, кыргызстандыктардын жаалына калган.

2004. "Жунхай" базарында ири өрт чыккан. Бул рыноктун акыркы төрт жыл ичиндеги үчүнчү жолу күйүшү эле. Айрымдары өрт атайылап коюлганын айтып чыгышкан.

Бычак арамаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тооктун айынан кызы менен энесин бычактаган кошуна. 90-жылдардагы кылмыштар
2007. Кыргыз улуттук аскер лицейинде 300 студент билим алуудан баш тартат. Мындай кадамы менен алар 13 баланын окуудан чыгарылышына каршылыгын билдирген. III курстун студенти окутуучулар алардын укугун бузуп жатышканын, лицейдин жетекчиси, полковник Сулайман Койтокуров окуудан чыгаруунун себебин айтпай жатканын белгилеп, нааразы болушкан. Ал эми командирдин айтымында, балдар массалык мушташка катышканы үчүн чыгарылган.

2009. Түрмөнүн биринин жетекчиси жаза өтөп жаткан кишиден мөөнөтүнөн мурда бошотуу үчүн 1000 доллар талап кылган. Офицер акчаны алып жаткан маалда кармалган.

2015. Бишкекте 10 кабаттан бийик курулган үйлөргө газ киргизүү мүмкүн болду.

2018. Оштун тургундары 50 жаштагы кишини өмүр бою эркинен ажыратууну суранышат. Ал беш жыл бою 11 жаштагы өгөй кызын зордуктап келгени белгилүү болот. Ал кызды "бирөөгө айтсаң энең экөөңдү өлтүрүп, сууга ыргытып ием" деп коркутуп жүргөн. Кыздын боюна бүтүп калып, кылмыш ачыкка чыккан. Үч ирет жанын кыюуга аракет кылып, акыры кыз төрөйт. Кыйын тагдырды башынан кечирген кыздын апасын сот энелик укуктан ажыратып, өгөй ата сөрөйдү 15 жылга кескен. Кийин өкүм өзгөрүп, 20 жылга алмаштырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0