Бишкекке Кытайдан газ менен иштеген 60 автобус алып келинди

Бишкекке Кытайдан 60 автобус алып келинди. Мэр артыкчылыктары тууралуу

1018
(жаңыланган 15:34 24.04.2019)
Келечекте мындай автобустардын санын 10 эсеге көбөйтүү пландалууда.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Бишкекке Кытайдан газ менен иштеген 60 автобус алып келинди.

  • В Бишкек доставили 60 автобусов из Китая, работающих на газе
    Бишкекке Кытайдан газ менен иштеген 60 автобус алып келинди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • В Бишкек доставили 60 автобусов из Китая, работающих на газе
    Унаалар бүгүн эртең менен "Ала-Тоо" аянтына токтотулду
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • В Бишкек доставили 60 автобусов из Китая, работающих на газе
    2018-жылдын соңунда автобус алып келүү боюнча тендерди Кытайдын 301 миллион 273 миң 700 сом сунуштаган Znengzhou yutongbus CO., LTD корпорациясы жеңип алган
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • В Бишкек доставили 60 автобусов из Китая, работающих на газе
    Белгилей кетсек, дүйнөлүк рынокто анын үлүшү 15 пайызды түзүп, компания бир күндө 730, ал эми бир жылда 750 миң автобус чыгарат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • В Бишкек доставили 60 автобусов из Китая, работающих на газе
    Мэрдин айтымында, алып келинген 60 автобус бир жуманын ичинде каттай баштайт.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 5
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бишкекке Кытайдан газ менен иштеген 60 автобус алып келинди

Унаалар бүгүн эртең менен "Ала-Тоо" аянтына токтотулду. Автобустарды президент Сооронбай Жээнбеков менен мэр Азиз Суракматов көрүп чыккан. Өлкө башчыга, мындан тышкары, "электрондук билет" долбоору да тааныштырылды. Белгилей кетсек, бул долбоорду швейцариялык компания ишке ашырмакчы.

2018-жылдын соңунда автобус алып келүү боюнча тендерди Кытайдын 301 миллион 273 миң 700 сом сунуштаган Znengzhou yutongbus CO, LTD корпорациясы жеңип алган. Белгилей кетсек, дүйнөлүк рынокто анын үлүшү 15 пайызды түзүп, компания бир күндө 730, ал эми бир жылда 750 миң автобус чыгарат.

Мэрдин айтымында, алып келинген 60 автобус бир жуманын ичинде каттай баштайт.

"Президенттин тапшырмасы менен тендер жарыялаганбыз. Башкы талабы - унаалардын газ менен жүрүүсү болчу. Бул үнөмдүү келип, бюджеттик каражатты натыйжалуу пайдаланууга шарт түзөт. Анын үстүнө абанын булганышы боюнча нааразычылыктар айтылып келет. Бул автобустар көлөмдүү, анан бийигирээк келет, ичинде 8 видеокамера орнотулган. Транспорт ыңгайлуу болот деп ишенем", — деди Суракматов.

Шаар башчысы электрондук билеттен түшкөн акчанын эсебинен (киреше 3-4 эсеге жогорулайт) мындай автобустардын санын 600гө жеткирүү пландаштырылганын да айтты. Бул транспорт көйгөйүн чечүүгө бир топ өбөлгө болмокчу.

1018
Белгилер:
аба, газ, автобус, Азиз Суракматов, Сооронбай Жээнбеков, Бишкек
Тема боюнча
Бишкектин коомдук транспорту электрондук билетке өтөт. Тендердин жеңүүчүсү аныкталды
Мэрия Бишкекке автобустарды алып келчү Кытай компаниясынын өзгөчөлүгүн айтты
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив

КРдин мурунку жарандары менен алардын балдарына өзгөчө укуктар берилди. Жаңы мыйзам

8
(жаңыланган 11:55 10.08.2020)
Мыйзамдын максаты — мурда Кыргызстандын жарандыгында турган чет өлкөлүктөргө Кыргызстанда болуусуна, эмгектик укуктарына, мамлекеттик чек арадан өтүүсүнө, билим алуусуна жана дарылануусуна өзгөчө укуктарды, артыкчылыктарды берүү.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укугу боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди. Документке президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 11-июнунда кабыл алынган.

"Мыйзамдын максаты мурда Кыргызстандын жарандыгында турган чет өлкөлүктөргө Кыргызстанда болуусуна, эмгектик укуктарына, мамлекеттик чек арадан өтүүсүнө, билим алуусуна жана дарылануусуна өзгөчө укуктарды, артыкчылыктарды берүү болуп саналат", — деп айтылат билдирүүдө.

АКШнын санкциясын эске алып. Кыргызстанда жаңы паспорт кантип жасалууда

"Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусу" деген түшүнүк киргизилүүдө, башкача айтканда, мурда Кыргызстандын жараны болгон чет өлкөлүк жарандар "мекендеш" макамын алууга укуктуу. Ал төмөнкү адамдарга ыйгарылышы мүмкүн:

  • мурда КР граждандыгында турган чет өлкөлүктүн балдары же неберелерине;
  • мурда КР жараны болбой, кийин жарандык алган адамдардын балдарына жана неберелерине;
  • Кыргыз ССРинде туулган чет өлкөлүк граждандарга, ошондой эле алардын балдарына жана неберелерине;

Баса, мекендеш макамы Кыргызстан менен чектеш мамлекеттердин граждандарына ыйгарылбайт.

Мекендеш макамындагы жарандарга берилчү артыкчылыктар:

  • чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештер визасыз эле өлкөгө кире алат;
  • эмгек визасын, жумушка уруксат албастан ишканаларда, мекеме-уюмдарда иштөөгө же башка эмгектин түрү менен алектенүүгө укуктуу;
  • мыйзамдарда каралган, саламаттык сактоо жана билим берүү чөйрөлөрүндөгү акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн КР граждандары менен бирдей шарттарына укуктуу;
  • эгерде чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун алган чет өлкөлүк жаран айыл чарба жерлеринин мураскери болуп саналса, ал жер участогуна карата укугу пайда болгон учурдан тартып он жылдын ичинде аны КР жаранына берүүгө милдеттүү.
8
Белгилер:
мыйзам, укук, макам, жаран, Кыргызстан
Тема боюнча
Президент "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзамга кол койгон жок. Себеби
Ооруканадагы дарыгерлер. Архив

COVID-19га күзүндө кабылгандар дартты оор көтөрүшү мүмкүн. Эксперттин пикири

96
(жаңыланган 11:54 10.08.2020)
SARS-CoV-2 күзүндө грипп, парагрипп жана буга чейин салыштырмалуу зыянсыз деп айтылган коронавирустар менен айкалышса кандай натыйжа болору азырынча белгисиз.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Санкт-Петербургдагы Пастер атындагы Эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө институтунун директору, академик Арег Тотолян коронавируска күзүндө кабылгандар буга чейин ооруп айыккандарга караганда бир топ кыйналышы мүмкүн экенин "Известия" басылмасына маек куруп жатып айтты.

Анын пикиринде, вирус жайылган маалда катуу обочолонгондор инфекцияны кандай кабыл аларын айтуу кыйын. Анын үстүнө SARS-CoV-2 күзүндө грипп, парагрипп жана буга чейин белгилүү болгон жана салыштырмалуу зыянсыз делген коронавирустар менен айкалышса кандай натыйжа болору да белгисиз.

Тыным албай көзөмөлдөгүлө. ДССУ эксперттери пандемия дагы көпкө созуларын айтты

"Сезондук инфекциялык илдеттер COVID-19 менен айкалышканда эмне болорун, абал курчуйбу, же тескерисинче антитело кадимки коронавирустан жакшы коргоно алабы, азырынча биз буга илимий негизде жооп берүүгө даяр эмеспиз", — деди академик.

Тотолян ошондой эле Роспотребнадзордун башчысы Анна Попованын сөздөрүн мисал келтирип, ал мурдагы жылдарга караганда эмдөө жүргүзүлбөгөн тумоонун башка түрлөрү таралышы мүмкүн экендигин эскертти.

Муну менен академик өлкө боюнча обочолонуу режимин киргизүү зарылдыгын айтууда. Ал илдет катталган гана аймакта чектөө чарасын колдонуу жетиштүү болорун белгиледи.

96
Белгилер:
инфекциялык оору, күз, бейтап, оору, агым, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Россияга Кыргызстандан жөнөтүлгөн вирустар изилденип бүттү. Күтүүсүз жыйынтык
Портфельчен адам. Архив

Юсупов Байыш Юсупович өмүр баяны

0
Байыш Юсупов 1957-жылы 5-январда Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарында төрөлгөн. Аймактагы Ленин атындагы орто мектепте билим алган.

Жогорку билимдүү.

  • 1974-1979 — Россиядагы Иванов текстиль жана жеңил өнөр жай институтунун инженер-технолог адистигинде окуган;
  • 2003-жылы Ош технологиялык институтунун бухгалтердик эсеп жана аудит адистиги боюнча экинчи дипломун алган.
  • 2012-жылы "Айыл чарба өндүрүшүнүн экономикалык эффективдүүлүгүн көтөрүү" деген темада диссертациясын жактап, экономика илимдеринин кандидаты илимий даражасы ыйгарылган.

Ишмердүүлүгү:

  • 1979-1988 — Октябрдын 50 жылдыгы атындагы Ош текстиль комбинатында чебер, улук чебер, цехтин жетекчиси жана өндүрүштүн начальниги кызматтарында иштеген;
  • 1988-1989 — Ош облустук элдик көзөмөл комитетинде инспектор;
  • 1989-1993 — Кара-Суу пахта тазалоочу заводунун директору;
  • 1993-2009 — Кара-Суудагы "Ак-Алтын" ишканасынын жетекчиси;
  • 2009-2012 — Кара-Суу райондук мамлекеттик администрация башчысы;
  • 1990-2013 — Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты, андан кийин төрагасы;
  • 2013 — өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
  • 2020-жылдын 8-августунан тарта облустагы өкүлдүн милдетин убактылуу аткаруучу. https://sputnik.kg/politics/20200808/1049257424/oshtu-zhylkybaevdin-orun-basary-zhetektejt.html
  • 2001-жылы Кара-Суу районунун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Даңк ордени менен сыйланган.

Футбол боюнча спорттун чебери. Кыргызстандын чемпиону "Жаштык — Ак-Алтын" футболдук командасынын негиздөөчүсү.

Кыргыз, орус жана немис тилдеринде эркин сүйлөйт.

Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.

0
Белгилер:
өмүр баян, Байыш Юсупов, Ош