Караколдо жоголгон тестиер үч кыз парктан табылды

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүАттракциондо ойноп жаткан кыздар. Архив
Аттракциондо ойноп жаткан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыздарын издеп, өз алдынча таба албаган ата-эне кечки саат тогуздар чамасында милицияга кайрылган.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Каракол шаарында 23-апрелде дайынсыз жоголгон тестиер үч кыз бир нече сааттан кийин табылды. Бул туурасында Ысык-Көл облустук милициясынын кызматынан кабарлашты.

Кыздарын издеп, өз алдынча таба албаган ата-эне кечки саат тогуздар чамасында милицияга кайрылган.

"Сарсанаа болгон ата-энелер балдарын табуу максатында өздөрү аракет кылып көрүп, майнап чыкпаган соң түн киргенде милицияга кайрылган", — деп айтылат маалыматта.

Кабар түшөр замат милициянын нөөмөт бөлүмчөсүнүн кызматкерлери, издөөгө тартылган өздүк курамы рация аркылуу үч кыздын белгилерин таркаткан.

Современная галерея Chimento в Калифорнии - Sputnik Кыргызстан
Токмокто жоголуп кеткен өспүрүм кыз табылды
Кыздарды табуу үчүн милиция кызматкерлери токой массивин, короо аймактарын, курулуш тилкелерин текшерип, элди сурамжылоого алган. Дайынсыз жоголгон балдардын белгилери чектеш райондун милицияларына да берилген.

"Айгай" белгиси менен көтөрүлгөн. Ысык-Көл ОИИБдин кайгуул-күзөт кызматынын милиционерлери Турдубек Өмүрканов жана Азамат Абылмажинов да өз маршруту боюнча кызмат өтөп жатып, рация аркылуу дайынсыз жоголгон балдардын белгилерин алган. Алар кыздарды Каракол шаарынын жогору жагында орун алган "Жеӊиш" багынан тапкан", — деп айтылат маалыматта.

Милициянын бөлүмүнө алып келинген балдар ата-энесине тапшырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0