Уран кениндеги чууга Зилалиевдин кандай тиешеси бар? Өкмөттүн түшүндүрмөсү

Жазылуу
Премьер уран кенин чалгындоого лицензиялар кимдердин учурунда берилип, узартылганына токтолду.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Премьер Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште Кызыл-Омполдогу уранды чалгындап жаткан UrAsia in Kyrgyzstan компаниясынын таржымалы тууралуу кенен маалымат берди.

Бүгүн ал өкмөттүн 2018-жылы жасаган иши боюнча толук отчет берип жатат.

Ал өз сөзүндө компаниянын Кыргызстанда катталганынан тарта лицензия берүүгө кайсы министрлер кол койгонуна чейин токтолду.

Кыргызстандагы радиоактивдүү металлдар - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын кайсы жеринде уран чыгат. Радиоактивдүү карта
Абылгазиевдин айтымында, UrAsia in Kyrgyzstan компаниясы 2004-жылы каттоодон өткөн. 2010-жылы 18-ноябрда геологиялык изилдөөгө лицензия алган. Ал эми 2011-жылы лицензия геологиялык чалгындоо деп узартылган. Ал убакта жаратылыш ресурстары министри болуп Кайрат Жумалиев иштеп турган. 2011-жылы май айында Кызыл-Омполдогу уран чыга турчу жерин чалгындоого лицензия берилип, ага ошол учурдагы министр Замир Эсенаманов кол койгон. 2012-жылы келишимге Ишимбай Чунуев кол коюп, лицензиянын мөөнөтүн узартып берген. Ал эми 2014-жылы лицензияны 2015-жылга чейин узартууга ошол учурдагы жетекчи Дүйшөнбек Зилалиев кол койгон. Лицензия кайта 2016-жылы дагы узартылган.

Абылгазиев уран кенинин айланасындагы кырдаал боюнча ведомстволор аралык атайын комиссия түзүлүп, аны биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов жетектегенин билдирди.

Комиссия уран чыккан жердин экологияга, жергиликтүү тургундардын ден соолугуна тийгизе турчу таасирлерин иликтейт. Алардын курамына Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары да кирген. Ошондой эле эл аралык эксперттерди да тартуу пландалып жатат.

Өкмөт башчы дал ушул комиссиянын корутундусунан кийин гана Кызыл-Омпол аймагынан уран казса болобу же жокпу деген акыркы чечим кабыл алына турганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0