Премьер Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште айтты.

Өкмөт башчынын Кыргызстанга келген туристтердин саны боюнча күмөнү бар

164
(жаңыланган 16:23 24.04.2019)
Депутат Махабат Мавлянова былтыр Кыргызстанга 7 миллион туристтин келгени айтылып жатканын, бирок бул сан чындыгында мындан кыйла төмөн болушу ыктымалдыгын билдирди.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Премьер Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстанга келди деген чет элдик туристтердин саны боюнча күмөнү бар экенин Жогорку Кеңеште айтты.

Бүгүн, 24-апрелде, премьер өкмөттүн 2018-жылы жасаган иши боюнча отчет берип жатат.

Депутат Махабат Мавлянова былтыр Кыргызстанга 7 миллион туристтин келгени айтылып жатканын, бирок бул сан чындыгында мындан кыйла төмөн болушу ыктымалдыгын билдирди.

Өкмөт башчысы Абылгазиев келген туристтердин статистикалык маалыматы боюнча күмөнү бар экенин белгиледи.

"Ошентсе да статистикалык маалыматка ишенип жатабыз. Бул жерде Казакстандан, Өзбекстандан жана Тажикстандан кирип-чыгып соода кылгандар да эсепке алынып жатат го деген ойдо болуп жатабыз", — деди ал.

Өз кезегинде Мавлянова эгер чындап эле 7 миллион турист келсе, өлкө бюджетине 4-3 миллиард доллар түшмөктүгүн айтты. Эл өкүлүнүн мындай пикири менен премьер да макул болду.

164
Белгилер:
отчет, Мухаммедкалый Абылгазиев, премьер-министр, статистика, туризм
Тема боюнча
Абылгазиев айланасындагы таза эмес адамдардан арылмай болду
Бир заматта жок болгон 29 турист. Португалияда автобус үйдүн үстүнө кулап кетти
Кыргызстанда "туристтин паспорту" пайда болот. Анын кандай зарылдыгы бар