Дамирбек Асылбек уулунун сотундагы мушташтын сүрөт, видеосу чыкты

© Sputnik / Тимур БатыршинДамирбек Асылбек уулунун сотунда чыккан мушташтын сүрөттөрү чыкты
Дамирбек Асылбек уулунун сотунда чыккан мушташтын сүрөттөрү чыкты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соттолуучунун туугандары "Позор!" деп кыйкырышкан.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Бүгүн, 24-апрелде, Алматы шаарынын аймактар аралык соту Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулун 10 жылга абакка кесүү боюнча өкүмүн окуп жатканда сот залында чыккан мушташтын сүрөттөрү жарыяланды.

Экс-парламентарий менен кошо 11 адам айыпталып, күнөөлүү деп табылды. Алардын арасында казакстандыктар бар.

Сүрөттөрдөн ыйлаган, сотторду көздөй жулунган аялдарды көрүүгө болот.Соттолуучунун туугандары "Позор!" деп кыйкырышкан. Ошондой эле ордуларынан туруп сотту көздөй жулунушканы айтылат. Соттолуучулар да өз ара мушташа кетишкен.

© Sputnik / Тимур БатыршинЗаседание суда по делу экс-депутата Жогорку Кенеша Дамира Асылбек уулу
Бүгүн, 24-апрелде, Алматы шаарынын аймактар аралык соту Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулун 10 жылга абакка кесүү боюнча өкүмүн окуп жатканда сот залында чыккан мушташтын сүрөттөрү жарыяланды - Sputnik Кыргызстан
1/4
Бүгүн, 24-апрелде, Алматы шаарынын аймактар аралык соту Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулун 10 жылга абакка кесүү боюнча өкүмүн окуп жатканда сот залында чыккан мушташтын сүрөттөрү жарыяланды
© Sputnik / Тимур БатыршинЗаседание суда по делу экс-депутата Жогорку Кенеша Дамира Асылбек уулу
Соттолуучунун туугандары Позор! деп кыйкырышкан - Sputnik Кыргызстан
2/4
Соттолуучунун туугандары "Позор!" деп кыйкырышкан
© Sputnik / Тимур БатыршинЗаседание суда по делу экс-депутата Жогорку Кенеша Дамира Асылбек уулу
Соттолуучунун туугандары Позор! деп кыйкырышкан - Sputnik Кыргызстан
3/4
Соттолуучунун туугандары "Позор!" деп кыйкырышкан
© Sputnik / Тимур БатыршинЗаседание суда по делу экс-депутата Жогорку Кенеша Дамира Асылбек уулу
Соттолуучулар да өз ара мушташа кетишкен. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Соттолуучулар да өз ара мушташа кетишкен.
1/4
Бүгүн, 24-апрелде, Алматы шаарынын аймактар аралык соту Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулун 10 жылга абакка кесүү боюнча өкүмүн окуп жатканда сот залында чыккан мушташтын сүрөттөрү жарыяланды
2/4
Соттолуучунун туугандары "Позор!" деп кыйкырышкан
3/4
Соттолуучунун туугандары "Позор!" деп кыйкырышкан
4/4
Соттолуучулар да өз ара мушташа кетишкен.

Дамирбек Асылбек уулуна Казакстандын Кылмыш жаза кодексинин 264 ("Улуттар аралык кылмыштуу топ түзүү") жана 234-беренеси ("Экономикалык аткезчилик") боюнча кылмыш иши козголгон.

Жогорку Кеңештеги Кыргызстан фракциясынын депутаты Канатбек Исаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Канат Исаев: Дамирбек Асылбек уулу эки өлкө алакасынын курмандыгы болду
Эскерте кетсек, 2018-жылдын 15-16-февралында Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Коррупцияга каршы күрөшүү улуттук бюросу менен биргеликте атайын операция жүргүзгөн. Натыйжада бажы постторунда иштеген уюшкан кылмыштуу топтун 8 мүчөсү жок кылынган. Ал эми колго түшүрүлгөндөрдүн арасында ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулу бар экени айтылган. Казакстандын ИИМи анын казак жарандыгы бар экенин айтып чыккан. Бул маалымат Борбордук шайлоо комиссиясынын коңшу өлкөнүн тийиштүү органдарына жиберген сурамынан кийин да тастыкталып, Дамирбек Асылбек уулу депутаттык мандаттан ажыратылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0