Экстремизмге каршы күрөшүү Борбор Азия алкагында талкууланат

© Фото / пресс-служба УВД Жалал-АбадКонференция против экстремизма в Джалал-Абаде
Конференция против экстремизма в Джалал-Абаде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык иш-чара 2019-жылдын 26-27-апрелине белгиленген.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Борбор калаада Борбордук Азиядагы мамлекеттик органдардын жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен экстремизмге каршы күрөшүүнү талкуулаган аймактык жолугушуу өтөт. Бул туурасында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Эл аралык иш-чара 2019-жылдын 26-27-апрелинде болот.

"Бул жолугушуу радикализмдин жана экстремизмдин алдын алуу, ага каршы күрөшүү боюнча өз ара иштешүүнү күчөтүү боюнча аймактык консультативдик жумушчу тобун (УЖТ) түзүүгө багытталган. Аталган чөлкөмдөгү зомбулук экстремизмине каршы иштөөнү биргелешип талкуулоо үчүн диалогдук платформасын түзүү да каралган", — деп айтылат таратылган билдирүүдө.

Маалымат кызматы иш-чара Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан мамлекеттеринен расмий өкүлдөр, медиа коомчулуктан, бейөкмөт уюмдардан катышарын кабарлады.

Жаңылыктар түрмөгү
0