Кыргызстан абактарында 500 адам каттоодо туруп, метадон затын алат

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOСотрудники ГСИН следственного изолятора в Бишкеке
Сотрудники ГСИН следственного изолятора в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаршемби күнү Бишкекте "Абактагы баңгиликти дарылоо" темасында конференция өттү.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Кыргызстандын абактарында 1800гө чукул адам аракечтик жана баңгиликтен жабыркап, алардын 500ү расмий каттоодо туруп метадон затын алат. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Шаршемби күнү Бишкекте "Абактагы баңгиликти дарылоо" темасында конференция өтүп, анда бул маселенин тегерегинде талкуу жүрдү.

Иш-чарага катышкан Жаза аткаруу кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары Таалайбек Нуралиев абактар бул илдеттин өрчүшүнө ыңгайлуу жер болуп жатканын билдирди.

"Тилекке каршы, Кыргызстан баңгизатты мыйзамсыз ташуу жолунда жайгашкан өлкө. Андыктан жеткиликтүү героин далай тагдырларды талкалап, баңгиликти жайылтып жатат. Бул илдеттин аркасы менен эле ВИЧ-инфекциясы күч алууда", — деди Нуралиев.

Аталган иш-чарага Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан келген делегаттар №2 түзөтүү колониясына барып, баңгизатка байланыштуу көйгөйлөрү бар аялдарды дарылоо шарттары менен таанышмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0