Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Жогорку Кеңеште. Архивдик сүрөт

Министр Новопавловкадагы №1 лицейде чогултулган акча кайда жумшалганын айтты

433
(жаңыланган 11:18 25.04.2019)
Кудайбердиева 4500 окуучунун ата-энелеринин 60 пайызы мектеп фондусунун мүчөсү экенин белгиледи.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Чүйдүн Новопавловка айылындагы Чыңгыз Айтматов атындагы №1 лицейде чогултулган акчанын 70 пайызы мугалимдерге кошумча каражат катары төлөнгөн. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Белгилей кетсек, аталган лицейде балдары окуган ата-энелер Жогорку Кеңештин имаратынын алдына митингге чыгып, чогултулган каражат максатсыз пайдаланылып жатканына нааразы болуп, директорду кызматтан кетирүү талабын коюшкан

Кудайбердиева ошондой эле аталган лицей 1000 гана окуучуга ылайыкташканына карабай, учурда 4500 бала окуп жатканын айтты. Андан сырткары, ата-энелерден чогултулган каражаттын жумшалышын иликтей турган атайын комиссия да түзүлгөнүн кошумчалады.

"Комиссия түзүлүп, анын катарына аудиторлор да кирди. Андан сырткары, прокуратура да текшерет. Биз азыр директорду убактылуу кызматтан четтеттик. Кандайдыр бир мыйзам бузуулар болсо, башкача чечим кабыл алабыз, райондук билим берүү бөлүмүнө да тийиштүү тапшырма берилген", — деди ал.

Министр 4500 окуучунун ата-энелеринин 60 пайызы мектеп фондусунун мүчөсү экенин айтты.

"Алдын ала маалымат боюнча чогултулган каражаттын 70 пайызы мугалимдерге кошумча каражат катары төлөнүп берилип келген. Ошондой эле пол жуугучтарга, тамак-ашка жана коопуздукка төлөнгөн", — деди ал.

Билим берүү министри, андан сырткары, аталган лицейге быйыл кошумча корпус салына турганын билдирди.

433
Белгилер:
Гүлмира Кудайбердиева, билим берүү, мектеп
Тема боюнча
Новопавловка: үйлөрдүн биринен 70 миң доллар сейфи менен кошо уурдалды