Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев. Архив

ИИМ: министр 8-12 миң сом айлык кызматкерлерге жетет деп айткысы келген эмес

298
ИИМ укук коргоо органдарындагы кызматкерлердин маянасын жогорулатуу боюнча мыйзам долбоорду экинчи окууда колдоп берүүнү депутаттардан суранууда.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы Кашкар Жунушалиевдин ИИМдин сержанттарынын маянасы боюнча айткандарын журналисттер туура эмес түшүнүп калганын жарыялады.

Бүгүн, 26-апрелде, парламенттин жыйыны учурунда депутат Урмат Самаев ИИМдин сержанттарынын маянасынын көлөмүн сураганда министр кызматкерлер 8-12 миң сом аларын билдирген. Ал эми "бул каражат үй-бүлөнү бакканга жетеби" деген суроого Жунушалиев "жеткен үчүн жашап жатабыз да" деп жооп берген болчу.

Анткен менен ИММдин маалымат кызматы айрым агенттиктер министрдин пикирин туура эмес түшүнүп алганын билдирүүдө.

ИИМдин версиясы боюнча депутаттын суроосуна Кашкар Жунушалиев "эптеп жеткирип жатабыз да" деп жооп берген.

"Министр сержанттар 8 миңден 12 миң сомго чейин айлык аларын билдирген. Бирок бул каражат жетишээрлик экенин айткысы келген эмес", — дешти маалымат кызматынан.

Ошондой эле министр укук коргоо органдарындагы кызматкерлердин маянасын жогорулатуу боюнча ИИМдин мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоп берүүнү депутаттардан суранганы маалыматта белгиленген.

298
Белгилер:
маяна, ИИМ, парламент, Бишкек
Тема боюнча
Министр Жунушалиев: 8-12 миң сом айлыгыбыз жеткен үчүн жашап жатабыз да
"Мындан кийин сөгүнбөйт". Абылгазиев Мамкаттоонун жетекчиси тууралуу. Видео