Ак үйдүн алдында урандын иштетилишине каршы митинг өтүп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин алдында уран казууга каршы өтүп жаткан митинг
Жогорку Кеңештин алдында уран казууга каршы өтүп жаткан митинг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акция саат 10.00дө башталды.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин имаратынын алдында уран казууну Ысык-Көлдө эле эмес, жалпы Кыргызстандын аймагында токтотууну талап кылган митинг өтүп жатат.

Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Уран кенин иштетүүгө тыюу салынганы айтылды. Компания кандай пикирде
Белгилей кетсек, Ысык-Көл району менен Кочкор районунун чегиндеги Кызыл-Омпол аймагында уран кенин чалгындоо иштерине жергиликтүү тургундар каршы чыккан. "ЮрАзия в Кыргызстане" ишканасы чалгындоо иштерине лицензияны 2010-жылы алып, казуу иштерине да уруксат алууну көздөгөн. Нааразычылыктардан кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кендеги бардык иштер токтотулганын маалымдаган.

Акциянын катышуучулары "Биз уранга каршыбыз!", "Ата Мекенге зыян келтирүүгө жол бербейбиз" деген плакаттарды көтөрүп турушат.

Жогорку Кеңештин алдында 50дөй киши турат.

Буга чейин митинг масштабдуу болору, ага коомдук кыймылдар, партиялар жана бир катар уюмдардын катыша турганы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0