Бишкек шаарынын күнүнө карата Чүй проспектисинин бир бөлүгү жабылат

© Sputnik / Табылды КадырбековЧүй проспектисиндеги автоунаалар. Архив
Чүй проспектисиндеги автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаар күнүнө карата борбордук аянтта майрамдык концерт өткөрүү пландалган.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынын күнүнө карата борбордук көчөнүн бир бөлүгү жабылат. Тагыраагы, 29-апрелде саат 16.00дөн баштап "Ала-Тоо" аянтындагы майрамдык концерт бүткөнгө чейин Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү тосулат. Бул туурасында мэриядан билдиришти.

Жарандардын коопсуздугун сактоо үчүн борбордук аянттын сегиз жерине өткөрүү пунктулары коюлат. Ал эми миңден ашуун милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлдөйт. Мындан сырткары, бир медициналык Тез жардам унаасы жана өрт өчүрүү бригадасы нөөмөттө турат. Тосулган жолдор түнкү саат 00.00дөн кийин ачылары айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0