Мусульмане оставляют фитир-садака на старой площади Бишкека. Архивное фото

Орозонун башталышынын болжолдуу күнү айтылды. Муфтияттын билдирүүсү

5687
(жаңыланган 14:56 27.04.2019)
Жыл сайын орозонун башталышы болжол менен он күн артка жылып турат.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Кыргызстанда Орозо айынын болжолдуу башталышы Аалымдар кеңешинин алдын ала чечимине ылайык, 6-май деп айтылды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан кабарлашты. Так убактысы 5-майда белгилүү болот.  

Болжолдуу датаны бүгүн Кыргызстан Аалымдар кеңешинин жыйынында айтышты.

Айдын жаңырышына карап, бул дата бир күнгө жылышы мүмкүндүгүн маалымат кызматы кошумчалады. 

Орозонун башталышы айдын чыгышына жараша аныкталат. Жыл сайын орозонун башталышы болжол менен он күн артка жылып турат.

Эскерте кетсек, өткөн жылы Орозо айынын биринчи күнү 17-майга туура келип, Орозо айт майрамы 15-июнда белгиленген.

5687
Белгилер:
Орозо ыйык айы, орозо, орозо айт, Кыргызстан
Тема:
Орозо – 2019 (31)
Тема боюнча
Кыздар айтпайт! Жарамазанга байланыштуу 8 "болбойт"