Уй саап, жүгүнүп... Кыргызга келин болгон монгол, япон, орус, латыш кыздары

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргыз бүлөсүнө келин болуп, каада-салтын четинен үйрөнө баштаган башка улуттун кыздары тууралуу материал даярдады.

Арасынан айрымдары уй сааганды үйрөнсө, кээ бири кой сойгонду көргөндөн кийин таптакыр койдун этин жебей калыптыр.

Ат-Башыга келин болгон латыш кызы — Анастасия

© Фото / из семейного архива семьи БакырдиновыхАнастасия Озерская кесиби боюнча искусство таануучу. Жолдошу менен Кыргызстанга окуусу боюнча практикага келгенде таанышып, ошол бойдон кыргыздын келини болуп калган.
Уй саап, жүгүнүп... Кыргызга келин болгон монгол, япон, орус, латыш кыздары - Sputnik Кыргызстан
Анастасия Озерская кесиби боюнча искусство таануучу. Жолдошу менен Кыргызстанга окуусу боюнча практикага келгенде таанышып, ошол бойдон кыргыздын келини болуп калган.

Англияда өсүп-чоңойгон латыш кызы Анастасия Озерская менен атбашылык Уларбек Бакырдинов 2016-жылы баш кошкон. Жубайлар кыргыздын салты менен үйлөнүп, үлпөт тоюн да бул жактан өткөрүшкөн. Ал эми латыш келиндин ата-энеси тойго келе албай, аны Skype аркылуу көргөн. Анастасия үчүн жаңы келин болуп келгенде көшөгө кызык болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде айткан эле.

"Каада-салттар мени дагы деле таң калтырып, таасирлентип жатат. Алгач үйгө барганда көшөгөдө отурдум. Бул илгертен калган салт дешти. Көрсө ал көшөгө менин жолдошумдун апасыныкы (кайненемдики) экен да. Демек, бул буюм эки муунду көрдү. Жеңелердин айтканына караганда, Нарын тарапта келин бир күн, Ысык-Көл тарапта 3-4 күн отурат экен", — деген латыш келин.

Анастасия Озерская кесиби боюнча искусство таануучу. Жолдошу менен Кыргызстанга окуусу боюнча практикага келгенде таанышып, ошол бойдон кыргыздын келини болуп калган. Жубайлардын учурда бир кызы бар. Латыш келин уй саап, бешбармак жасаганды үйрөнгөнүн айтты.

Койдун этин жебей калган япон кызы — Мэгуми

© Sputnik / Табылды КадырбековАтабек Садыркулов менен япон кызы Мэгуми Мацумотону балет табыштырган. Түгөйлөрдүн экөө тең профессионал балет бийчилери.
Уй саап, жүгүнүп... Кыргызга келин болгон монгол, япон, орус, латыш кыздары - Sputnik Кыргызстан
Атабек Садыркулов менен япон кызы Мэгуми Мацумотону балет табыштырган. Түгөйлөрдүн экөө тең профессионал балет бийчилери.

Атабек Садыркулов менен япон кызы Мэгуми Мацумотону балет табыштырган. Түгөйлөрдүн экөө тең профессионал балет бийчилери. Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында эмгектенишет. Эки жаш Москвада гастроль маалында таанышып, Атабек япон кызын Кыргызстанга чакырып, биротоло алып калууну чечкен. Сүйүктүүсүнүн колун кыргыз жигити сахнадан сурап, эл алдында үйлөнүү сунушун киргизген.

"Бишкекке келгенде Атабектин ата-энесинин үйүндө жашадым. Ал кишилер мени жакшы кабыл алышты. Менин ата-энем да Атабекти жакшы көрүшөт. Ысык-Көлдү, Ошту көрдүм, абдан жакты. Тамак-аштан шорпо, бешбармак, лагман, манты жагат. Бирок койдун этин жебейм, анткени аны союп жатканын көрүп такыр эле анын этинен баш тарткам. Үйдөн жеңил-желпи эле тамак ичебиз. Бир жолу оромо жасайм деп камыр жайып колумду аябай оорутуп алгам. Ошондон бери оромо жасай элекмин. Баары эле мени кыргыз деп ойлошот. Жакында ата-энем келет", — деди япон келин.

Түгөйлөр көбүнчө балетте чогуу бийлешет. Биз барган учурда "Спартак" балетине даярданып жатышыптыр.

Жоолукка көнө албай жаткан монгол келини — Номин

© Фото / Номин СемМонгол кызы Номиндин кыргыз бүлөсүнө келин болгонуна бир ай боло элек. Жолдошу Баатыр экөө апрель айында эле баш кошкон.
Уй саап, жүгүнүп... Кыргызга келин болгон монгол, япон, орус, латыш кыздары - Sputnik Кыргызстан
Монгол кызы Номиндин кыргыз бүлөсүнө келин болгонуна бир ай боло элек. Жолдошу Баатыр экөө апрель айында эле баш кошкон.

Монгол кызы Номиндин кыргыз бүлөсүнө келин болгонуна бир ай боло элек. Жолдошу Баатыр экөө апрель айында эле баш кошкон. Эки жаш Кытайдын Шанхай шаарынан таанышып, жылдызы келишкен. Баатыр жети жылдан бери Кытайда билим алат. Номин азырынча кыргыз, орус тилдерин үйрөнө элек экен. Ошондуктан өзү менен сүйлөшө алган жокпуз, келиндик милдетин кандай аткарып жатканын жолдошу айтып берди.

"Кыргыздын салты менен баш коштук, үлпөт той кылып, нике кыйдырдык. Түбүм көлдүк болгондуктан Номин азыр баарына жүгүнүүдө. Жоолукту алдыга салынып, кечке жүгүнгөнгө көнө албай жатат окшойт. Бир аз кыйналып жатканын айтты. Салт менен акырындан таанышууда. Чай куюп, кызмат кыла баштады. Башкысы, апама жакты", — деди Номиндин жолдошу.

© Фото / Номин СемНоминдин жолдошу Баатыр: Жоолукту алдыга салынып, кечке жүгүнгөнгө көнө албай жатат окшойт. Бир аз кыйналып жатканын айтты. Салт менен акырындан таанышууда. Чай куюп, кызмат кыла баштады. Башкысы, апама жакты
Уй саап, жүгүнүп... Кыргызга келин болгон монгол, япон, орус, латыш кыздары - Sputnik Кыргызстан
Номиндин жолдошу Баатыр: Жоолукту алдыга салынып, кечке жүгүнгөнгө көнө албай жатат окшойт. Бир аз кыйналып жатканын айтты. Салт менен акырындан таанышууда. Чай куюп, кызмат кыла баштады. Башкысы, апама жакты

Эки жаштын тоюна Монголиядан Номиндин ата-энеси да келип, конок болуп кетишкен.

Улуттук ашкананы жакшы көргөн — Яна

© Фото / Адилет МедетбековЖакында эле баш кошкон интернационал үй-бүлөлөрдүн катарында Алтынбек Талантбеков менен Яна Шегай дагы бар.
Уй саап, жүгүнүп... Кыргызга келин болгон монгол, япон, орус, латыш кыздары - Sputnik Кыргызстан
Жакында эле баш кошкон интернационал үй-бүлөлөрдүн катарында Алтынбек Талантбеков менен Яна Шегай дагы бар.

Жакында эле баш кошкон интернационал үй-бүлөлөрдүн катарында Алтынбек Талантбеков менен Яна Шегай дагы бар.

Алтынбек Талантбеков Коомдук биринчи каналдын кабарчысы, Яна журналистика факультетинин студенти. Түгөйлөр Бишкек шаарынан эле таанышкан. Янанын атасы корей, апасы еврей улутунан. Эки жаш Бишкек шаарынан таанышып, жарым жылдан кийин баш кошкан.

© Фото / Адилет МедетбековЯна: Улуттук ашкана аябай жагат. Азырынча манты, шорпо жасаганды билем. Кыргыздын менталитетинен мага баарынан үй-бүлөгө, улууларга сый мамиле кылганы жагат
Уй саап, жүгүнүп... Кыргызга келин болгон монгол, япон, орус, латыш кыздары - Sputnik Кыргызстан
Яна: Улуттук ашкана аябай жагат. Азырынча манты, шорпо жасаганды билем. Кыргыздын менталитетинен мага баарынан үй-бүлөгө, улууларга сый мамиле кылганы жагат

"Алтынбектин ата-энеси мени абдан жакшы кабыл алды. Үйлөнөбүз дегенди укканда ата-энем таң калды, бирок каршы болгон жок. Бишкекте эле төрөлүп-өскөм, кийин Россияга көчүп кеткенбиз. Туулган жеримди сагынып, жогорку окуу жайга кайра Бишкекке тапшырып алгам. Кыргызстандык эле болгондуктан мага көп нерсе деле таң калычтуу болгон жок. Улуттук ашкана аябай жагат. Азырынча манты, шорпо жасаганды билем. Кыргыздын менталитетинен мага баарынан үй-бүлөгө, улууларга сый мамиле кылганы жагат", — деди Яна.

Эки жаштын үлпөт тою да кыргыздын каадасы менен өткөн.

Боорсок менен бешбармакты жакшы жасаган орус кызы — Ксения

© Фото / из личного архива Мураса КадыркуловаМурас Кадыркулов менен Ксения Богатованын баш кошконуна эки жылга жакындады. Орус улутунун кызы Ксения Нарындын Кочкор жергесине келин болгон.
Уй саап, жүгүнүп... Кыргызга келин болгон монгол, япон, орус, латыш кыздары - Sputnik Кыргызстан
Мурас Кадыркулов менен Ксения Богатованын баш кошконуна эки жылга жакындады. Орус улутунун кызы Ксения Нарындын Кочкор жергесине келин болгон.

Мурас Кадыркулов менен Ксения Богатованын баш кошконуна эки жылга жакындады. Орус улутунун кызы Ксения Нарындын Кочкор жергесине келин болгон. "Улуттук ашкана абдан жагат" деген келин боорсок менен бешбармакты жакшы жасаарын айтты.

"Кыргызстанда эле төрөлүп-өскөм. Жолдошум менен бир мектепте окучубуз. Ал менден бир жаш улуу. Башында дос болуп жүрүп, кийин ал сүйүүгө айланып баш коштук. Экөөбүздүн тең ата-энелерибиз каршы болгон жок. Бешбармак, манты, аш, куурдак, оромо жана башка улуттук тамак-аштын баарын эле жасаганды үйрөндүм. Боорсок бышырган да жагат. Болгону тынбаган тойлор менен андагы адамдардын санына эле таң калып бүтпөй койдум. Эки күндүн биринде эле той. Кыргыздын салты менен көшөгөгө үч күн отуруп, келиндик милдетти чай куюп баштадым. Апам (кайнене) дайыма кыргызча сүйлөп кайрылат. Түшүнөм, бирок азырынча кыргыз тилинде так сүйлөй албайм", — деди Ксения.

© Фото / из личного архива Мураса КадыркуловаКсения: Кыргыздын салты менен көшөгөгө үч күн отуруп, келиндик милдетти чай куюп баштадым. Апам (кайнене) дайыма кыргызча сүйлөп кайрылат. Түшүнөм, бирок азырынча кыргыз тилинде так сүйлөй албайм
Уй саап, жүгүнүп... Кыргызга келин болгон монгол, япон, орус, латыш кыздары - Sputnik Кыргызстан
Ксения: Кыргыздын салты менен көшөгөгө үч күн отуруп, келиндик милдетти чай куюп баштадым. Апам (кайнене) дайыма кыргызча сүйлөп кайрылат. Түшүнөм, бирок азырынча кыргыз тилинде так сүйлөй албайм

Жаш жубайлардын учурда Адель аттуу бир кызы бар.

P.S: Тизме дагы уланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0