Жашы өткөн сайын ачылып... Сулуулук сынагына катышкан келиндердин парады

© Sputnik / Viktor TolochkoУчастницы конкурса красоты "Мисс Беларусь" в Минске
Участницы конкурса красоты Мисс Беларусь в Минске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө акыркы жылдары сулуулар сынагы байма-бай өтүүдө. Кыздар, келиндер, чоң апалар, кичинекейлер, эркектер арасында болуп бөлүнүп, түрү көп. Эң кызыгы, эне, анан жар болуп туруп, ажарлуу келиндердин катарында ат салышуу болсо керек.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги акыркы жылдары "Кыргызстан айымы" сынагын жеңип, аны менен гана чектелбестен, эл аралык конкурстарга катышып жүргөн келиндерди тизмектеди.

2019-жыл Миргүл Бообекова

© Sputnik / Дильноза Алымова"Кыргызстандын сулуу айымы — 2019" сынагында баш байгени жеңип алган Миргүл Бообекова
Жашы өткөн сайын ачылып... Сулуулук сынагына катышкан келиндердин парады - Sputnik Кыргызстан
"Кыргызстандын сулуу айымы — 2019" сынагында баш байгени жеңип алган Миргүл Бообекова

Быйылкы үй-бүлөлүүлөр сынагында Миргүл Бообекова алдыга суурулуп чыгып, чет өлкөдө боло турчу "Ааламдын сулуу айымы" конкурсуна катышууга жолдомо алды. Бообекова 28 келин менен ат салышкан.

Өлкөнүн сулуу айымы Ысык-Көлдүн Кереге-Таш айылында 1984-жылы туулган. Эки баланын энеси. Жолдошу экөө ишкерлик менен алектенет. Редакцияга курган маегинде бала чагы, үй-бүлөсү, аялдык бактысы, сынактын жүрүшү жана жумушу тууралуу кенен-кесир айтып берген

2018-жылдагы үч сулуу

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кыргызстан сулуусу — 2018" сынагында баш байгени жеңип алган Алтынкыз Казакбаева
Жашы өткөн сайын ачылып... Сулуулук сынагына катышкан келиндердин парады - Sputnik Кыргызстан
"Кыргызстан сулуусу — 2018" сынагында баш байгени жеңип алган Алтынкыз Казакбаева

Турмуш жолундагы сулуулар арасындагы "Кыргызстан айымы" сынагында былтыр Алтынкыз Казакбаева жеңүүчү аталган. Ал үч баланын жалгыз тарбиялайт. Ишкерлик менен алектенип, кесиби боюнча юрист болуп эмгектенет. Жашы 34тө.

2018-жылдагы "Кыргызстан сулуусу" сынагына 24 келин ат салышкан. Иш-чаранын 55 жаштагы катышуучусу Чолпон Сакенова экинчи вице-миссис аталган. Ал эми биринчи вице-миссис титулуна 26 жаштагы Айпери Алмазбекова аттуу келин ээ болгон.

Океандын ары жагындагы Замира Крейг

© Фото / Рустам ТалиповЗамира Крейг АКШда өткөн Miss Asia USA — 2018 сулуулар сынагында Mrs Europe Global номинациясы боюнча жеңүүчү деп табылган
Жашы өткөн сайын ачылып... Сулуулук сынагына катышкан келиндердин парады - Sputnik Кыргызстан
Замира Крейг АКШда өткөн Miss Asia USA — 2018 сулуулар сынагында Mrs Europe Global номинациясы боюнча жеңүүчү деп табылган

Мындан тышкары, Замира Крейг аттуу кыргызстандык айым АКШда өткөн Miss Asia USA — 2018 сулуулар сынагында Mrs Europe Global номинациясы боюнча жеңүүчү деп табылган.

Маркум Сания Шакирова

© Sputnik / Табылды КадырбековСания Шакирова Miss Universe Beauty —2018 сынагындагы "Эң сулуу келин" номинациясында жеңип алган
Жашы өткөн сайын ачылып... Сулуулук сынагына катышкан келиндердин парады - Sputnik Кыргызстан
Сания Шакирова Miss Universe Beauty —2018 сынагындагы "Эң сулуу келин" номинациясында жеңип алган

Былтыр Ысык-Көлдө жол кырсыгынан каза тапкан Сания Шакирова Miss Universe Beauty —2018 сынагындагы "Эң сулуу келин" номинациясында жеңип алган. Шакированын артында үч баласы калды.

2017-жылдагы келишимдүү айымдар

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Миссис Кыргызстан — 2017" наамынын ээси Назик Сагынбекова
Жашы өткөн сайын ачылып... Сулуулук сынагына катышкан келиндердин парады - Sputnik Кыргызстан
"Миссис Кыргызстан — 2017" наамынын ээси Назик Сагынбекова

"Кыргызстан айымы — 2017" же болбосо кыргызстандык эң сулуу келин наамынын ээси Назик Сагынбекова болгон. Агезде жеңүүчү 30 жашта болчу. Биринчи вице-миссис болуп Жылдыз Мажитовага, ал эми экинчи вице-миссис Махинур Розиева аталган. Сулуулук сынагы борбор калаадагы ресторандардын биринде өтүп, анда кыргызстандык 12 ажарлуу айым ат салышкан.

Аида Чоткараева

© Фото / Виктория БарКыргызстандык модель жана актриса Аида Чоткараева "Аалам сулуусу" эл аралык сынагында сүрөткө мыкты түшкөн келин деп тандалган
Жашы өткөн сайын ачылып... Сулуулук сынагына катышкан келиндердин парады - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык модель жана актриса Аида Чоткараева "Аалам сулуусу" эл аралык сынагында сүрөткө мыкты түшкөн келин деп тандалган

Ошондой эле 2017-жылы Түштүк Африкада өткөн "Ааламдагы сулуу келин" сынагынын катышуучусу Аида Чоткараева сүрөткө мыкты түшкөн келин аталган.

30 жаштагы Аида Чоткараева актриса жана модель болуп эмгектенет. Ал "Красотка и миллион", "Браво" жана "У любви свои небеса" тасмаларында роль жараткан. Үй-бүлөсү тууралуу көп кеп кыла бербейт.

2016-жылдын сулуулары

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от R Style (@beauty_company_kyrgyzstan)

Үч жыл мурдагы "Кыргызстан айымы" сынагын 35 жаштагы Назгүл Жумалиева утуп алган. Ал ошол учурда эки баланын энеси болчу.

Сынакка 18 жаштан 55 жашка чейинки 21 айым катышкан. Биринчи вице-миссис наамын Аида Чоткараева алса, экинчи вице-миссис наамына Надира Амантаева татыган.

Дүйнө кыдырган Наргиза Осмонова

© Фото / Cinemart productionНью-Дели шаарында өткөн Mrs. Top Of The World конкурсунда төртүнчү вице-миссис болуп аталган Наргиза Осмонова
Жашы өткөн сайын ачылып... Сулуулук сынагына катышкан келиндердин парады - Sputnik Кыргызстан
Нью-Дели шаарында өткөн Mrs. Top Of The World конкурсунда төртүнчү вице-миссис болуп аталган Наргиза Осмонова

Наргиза Осмонова алгач 2014-жылы "Кыргызстан айымы" наамын утуп, "Дүйнө ханышасы" сынагына катышкан. 2016-жылы Индиянын Нью-Дели шаарында өткөн Mrs. Top Of The World конкурсунда төртүнчү вице-миссис аталган. Ошондой эле Кытайда өткөн "Аалам айымы-2016" эл аралык сынагында "Миссис Бизнесвумен" номинациясына ээ болгон. Наргиза Осмонова 44 жашта, жолдошу менен эки кызды тарбиялайт.

2015-жылдын чырайлуусу Таңсулуу Өмүрзакова

© Sputnik / ВИКТОР ТОЛОЧКОМинск шаарында өткөн Дүйнөлүк конкурсунда "Сулуу айым" титулуна татыган Таңсулуу Өмүрзакова
Жашы өткөн сайын ачылып... Сулуулук сынагына катышкан келиндердин парады - Sputnik Кыргызстан
Минск шаарында өткөн Дүйнөлүк конкурсунда "Сулуу айым" титулуна татыган Таңсулуу Өмүрзакова

Алгач "Кыргызстан айымы" сынагын уткан Таңсулуу Өмүрзакова жыл ортосунда Минск шаарында өткөн Дүйнөлүк конкурска катышып, "Сулуу айым" титулуна татыган.

Кырыгзстандын модель жана актриса Мээрим Атантаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Карыбекова, Атантаева, Шакирова. КР сулуулары дүйнө сынактарынан эмне менен кайткан
Аталган конкурс 24-30-август күндөрү Минск шаарында өткөн. Ага катышуу үчүн Болгария, Бразилия, Англия, Венесуэла, Индия, Казакстан, Кыргызстан, Латвия, Малайзия, Мальта, Мексика, Россия, Украина жана башка мамлекеттерден 50дөн ашык кыз-келин келген.

Ал эми 3-7-ноябрь күндөрү Болгариянын борбору София шаарындагы "Super model' Universie — 2015" сынагында баш байгеге ээ болгон.

Таңсулуу Өмүрзакова Sputnik кабарчысына эч кандай диета кармабастан, түн ичинде да тамактан баш тартпай турганын айтып берген. Ал учурда бир кыздын энеси.

Жаңылыктар түрмөгү
0