Уктаган кишилер. Архивдик сүрөт

Чала уйку менен иштеги стресс адамдын кайсы органын жабыркатары айтылды

2003
(жаңыланган 10:46 29.04.2019)
Окумуштуулар иштен 5-10 мүнөткө алаксып, кыймылдап, спорт менен алектенүү зарылдыгын айтышты.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Иште стресске көп кабылып, уйкусу канбай жүргөн адамдын жүрөк ооруга кабылуу ыктымалдыгы жогору. Бул туурасында EurekAlert порталы жазды.

Окумуштуулар эмгекке жарамдуу, бирок акыркы 18 жылдан бери кант диабети же жүрөк оорусу бар 2000ге чукул кишинин маалыматтарын анализдеп чыккан. Алар 25-60 жаш курагындагылар эле.

"Гипертензия чала уйку жана стресс менен коштолгондо адам жүрөк ооруга чалдыгышы мүмкүн. Стресс факторлору бул тобокелдикти 1,6 жана тынчы жок уйку 1,8 эсеге көбөйтөт", — деп айтылат маалыматта.

Жумуштагы стресс иштегилерге коюлган жогору талап жана кызматкердин иш ыргагында тиешелүү чечимди өз алдынча кабыл албастыгынан да келип чыгарын айтышты. Уйкунун канбашы да иштеги стресске байланыштуу экендиги белгилүү болду.

Окумуштуулар иштен 5-10 мүнөткө алаксып, кыймылдап, спорт менен алектенүү зарылдыгын жана адам өзүнүн салмагын көзөмөлгө алып турушу керектигин айтышты.

Буга чейин окумуштуулар жүрөк оорунун алдын алуунун эң жөнөкөй жолдорун маалымдашкан.

2003
Белгилер:
оору, жүрөк, уйку, стресс, иликтөө, Окумуштуулар
Тема боюнча
Уйку менен эмчек рагынын эмне байланышы бар? Окумуштуулардын жаңы ачылышы
Окумуштуулар уйку канбаса кандай кесепети болорун айтышты
Окумуштуулар уйку канча саатта жакшы канарын айтышты
ОшМУнун башкы имараты. Архивдик сүрөт

ОшМУнун 80 жылдык мааракеси онлайн форматта белгиленет

6
(жаңыланган 19:58 26.05.2020)
Россиянын Түштүк Урал мамлекеттик университети менен ОшМУнун биргелешкен кыргыз-орус факультетин ачуу жөнүндөгү келишимге кол коюлат.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. 28-майда Ош мамлекеттик университети 80 жылдык мааракесин онлайн форматта өткөрөт. Бул тууралуу аталган окуу жайдын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, онлайн жыйынга билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев жана ОшМУнун профессордук-окутуучулук жамааты, студенттер аралыктан катышат.

Иш-чаранын жүрүшүндө Россиянын Түштүк Урал мамлекеттик университети менен ОшМУнун биргелешкен кыргыз-орус факультетин ачуу жөнүндөгү келишимге кол коюлат.

Мааракенин алкагында "Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү шартындагы билим берүү менен илимдин актуалдуу маселелери" деген темада эл аралык илимий-тажрыйбалык онлайн конференция уюштурулат.

Учурда ОшМУда 19 факультетте 35 миң студент билим алат.

6
Белгилер:
конференция, маараке, Ош мамлекеттик университети (ОшМУ), Ош шаары
Тема боюнча
ОшМУ мамлекетке канча каражат төгөт? Окуу жайдын киреше булагы
Мамлекет карамагындагы ЖОЖдордон кандай пайда көрөт? КУУнун киреше булактары
Керебеттин алдында отурган аял. Архивдик сүрөт

Нарын: медиктер 22 аялды обсервациядан чыгарып жиберип, кайра жаткырышты

16
(жаңыланган 19:52 26.05.2020)
Алдын ала маалымат боюнча, кечээ, 25-мартта, дарыгерлер обсервацияда жаткандарды эртерээк чыгарып жиберишкен. Тагыраагы, экинчи анализдин жыйынтыгын күткөн эмес.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Кечээ Нарын облустук төрөт бөлүмүндө обсервацияда жаткан 22 аял дарыгерлердин туура эмес маалыматы менен ал жактан чыгып, кайра жаткырылган. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, кечээ, 25-мартта, дарыгерлер обсервацияда жаткандарды эртерээк чыгарып жиберишкен. Тагыраагы, алардын экинчи анализинин жыйынтыгы чыга элек болчу.

"Бул кабар облустук штабга айтылары менен тезинен чара көрүлүп, чыгып кеткен адамдар кайрадан ооруканага жаткырылды. Кимден күнөө кеткени иликтенип, териштирилип жатат. Юридикалык баа берилет", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы ЖМКларда "төрөт үйдө коронавирус чыкканы үчүн аялдардын күйөөлөрү аларды чыр-чатак менен обсервациядан чыгарып кетишкен, төрөткананын эшик, терезесин талкалашкан" деген маалыматты төгүндөдү.

Эске сала кетсек, 14-майда Нарын шаарында жаңы төрөгөн сегиз аялдан коронавирус чыккан. Көп өтпөй облустун Ак-Талаа районуна коронавирусту Нарын шаарындагы төрөт үйүндө жатып чыккан эки келин алып келгени айтылган. Республикалык ыкчам штаб Саламаттык сактоо министрлигине төрөт үйлөрүндө вирусту жайылтпоо үчүн көзөмөлдү күчөтүүгө тапшырма берген

Нарында 26-майга карата коронавируска чалдыккандардын саны 280ге жетти. Райондор боюнча алсак, Ат-Башыда 77, Ак-Талаада 18, Жумгалда 14, Нарын шаарында 148, Кочкордо 11, Нарын районунда 12. Тилекке каршы, бир адам оорунун кесепетинен каза болду.

Жалпы бейтаптардын 128и ооруканадан чыгып, 152си дарыланууда. Ат-Башы жана Жумгал районундагы бейтаптар толугу менен сакайып чыгышкан.

Ал эми обсервацияда 123, үй карантининде 381 адам бар. Ооругандар менен байланышта болгондордун саны 1590.

Вирус жуктуруп алган жаңы учурлар мурунку ооругандар менен байланышта болгон адамдардан чыгып жатканы айтылды. Ооругандардын ичинде медицина, милиция, мамлекеттик, муниципалдык жана тейлөө ишканаларынын кызматкерлери бар экендиги кошумчаланды.

16
Белгилер:
ката, оорукана, медик, обсервация, аял, Төрөт үйү, Нарын
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
COVID: бир суткада үч медик ооруга чалдыкса, төртөө айыгып чыкты
Ооруканаларда коронавирустан дарыланып жаткан 38 медик бар
COVID-19: бир суткада төрт медик вирус жуктуруп, сегизи сакайды