Жуунуу. Архивдик сүрөт

Бишкекте ысык суу качан өчөрү айтылды

858
(жаңыланган 13:18 29.04.2019)
Тийиштүү буйрукка калаа башчысы Азиз Суракматов кол койду.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Бишкекте 6-майдан тарта 6-июнга чейин ысык суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, тийиштүү буйрукка калаа башчысы Азиз Суракматов кол койду.

Мындай аракеттер ысык суу түтүктөрүн оңдоо жана жылытуу сезонуна даярдык көрүү үчүн жасалууда.

Калаа жетекчилиги келтирилген ыңгайсыздык үчүн тургундардан кечирим сурайт.

Белгилей кетсек, былтыр ысык суу 21-майдан 21-июнга чейин өчүрүлгөн

858
Белгилер:
ысык суу, Бишкек мэриясы
Тема боюнча
Майтикова: 2-3 жылдан кийин Бишкекте бала бакча тартыштыгы жоюлат