Бүгүн кечинде коомдук транспорт элди бекер ташыйт

© Sputnik / Табылды КадырбековНовые автобусы в Бишкеке, работающие на газе
Новые автобусы в Бишкеке, работающие на газе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автобус менен троллейбустар түн жарымга чейин иштейт.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынын күнүнүн урматына уюштурулган майрамдык концерттен кийин коомдук транспорт элди бекер ташыйт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, шаар күнүнө карата уюштурулган концерт саат 19:00дө башталып, ал фейерверк менен жыйынтыкталат.

Борбордук "Ала-Тоо" аянтынан саат 21:00дөн 24:00гө чейин элди төмөнкү автобустар менен троллейбустар бекер ташыйт. Алар:

  • № 7, 9, 38, 42 автобустар;
  • №4, 10, 7, 8, 2, 14 троллейбустар.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын күнүнө карата майрамдык концертте "Ялла" тобу менен ырчы Согдиана ырдайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0