Кыргызстандын жаранынын паспорту. Архивдик сүрөтү

Француздар асырап алган баланын Кызыл-Кыядагы агасы паспорт ала албай убара

1578
(жаңыланган 17:56 29.04.2019)
Акылбектин паспорту же туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жоктугунан Франциядан табылган бир тууган иниси менен жолуга албай жүрөт.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Француздар асырап алган кыргыз баланын бир тууган агасы Акылбек Тагаевге документ ала албай жатышат. Ал 17 жашка чыкса да эмдигиче паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок. Бул туурасында анын агасы Кылычбек Кыргызбаев билдирди.

Эскерте кетсек, жаңы жылдын алдында кыргызстандыктар жүрөк ооруткан, бир жагынан көңүлдү жай кылган окуяга күбө болушкан. Францияда жашаган Кирилл Николя Морша 11 жылдан кийин "Жди меня" программасы аркылуу бир тууган агасын жана туугандарын Кыргызстандан тапкан. Аны апасы 2007-жылы Москвада төрөп, тилекке каршы, өзү каза болуп калган. Андан кийин ымыркай балдар үйүнө өткөрүлөт да, эки жашында аны франциялык аял Катрин Колетт Бубьян асырап алган. 

Акылбек Тагаев Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылында жашайт. Атасы 2016-жылы өзүнүн айылы жакта сууга чөгүп кетип, 46 жашында каза тапкан. Учурда атасынын эжесинин колунда тарбияланууда. Анын өздүгүн тастыктоочу документи жок болгондуктан бир тууганы менен көрүшүү үчүн "Жди меня" программасына бара албай калган. Буга байланыштуу алар кийинчерээк жолукмай болушкан. Ошол кезде Кызыл-Кыянын мэри Эрмекбай Топчубаев балага документ алууга жардам берерин билдирген болчу

Бирок андан бери беш ай өтсө да Акылбекке документ бериле элек. Агасы Кылычбек Кыргызбаев баланын энесин юридикалык жактан далилдөө үчүн сот иштери жүрүп жатканын айтат.

"Акылбек Кызыл-Кыяда төрөлгөндө күбөлүк алышкан эмес. Экөөнүн нике күбөлүгү да жок экен. Азыр төрөт үйүнөн маалымкат алдык. Апасы каза болгону туурасында айыл өкмөттө катталыптыр, бирок расмий кара кагаз берген эмес. Атасынын кара кагазы бар. Сотто "баланын энеси ким" деген маселе каралып жатат. Көп документтери жок болуп ар жактан чогултуп жатабыз. Эки-үч жолу сот отуруму болду. Ага биз катыша албайт экенбиз, бир таежеси катышууда. Адвокат жалдап ага 15 миң сом бердик. Тилекке каршы, ушул күнгө чейин чечиле элек", — деди Кыргызбаев.

Ал эми Кызыл-Кыя шаарынын мэри Эрмекбай Топчубаев соттун чечими чыкса эле документ бат бүтөрүн билдирди.

"Учурда соттук процесс жүрүп жатат. Кийинки отурумда чечилип калышы ыктымал. Көйгөй жараткан жагдайлар көп экен, апасынын паспорту жок, баланы төрөтканадан документи жок алып чыккан. Бирок бул иш биздин көзөмөлдө турат. Акылбек бир тууганы менен жолугуша албай жүргөнүн, маселе өкмөттүк деңгээлде көтөрүлгөнүн сотко да, адвокатка да эскерткем. Сот чечип берсе эле документ алуу маселе жаратпайт. Өзүм көзөмөлдөп берем", — деди мэр.

Акылбек англис тилин билген тууганынын жардамы менен иниси Кирилл экөө маал-маалы менен интернет аркылуу сүйлөшүп турат экен. Ал багып алган апасы менен ушул жылы Кыргызстанга келүү ниетин билдиргенин айтышты.

1578
Белгилер:
туугандар, мэр, француздар, бала, паспорт, документ, Акылбек Тагаев, Кызыл-Кыя
Тема боюнча
Француздар асырап алган кыргыз бала 11 жылдан кийин туугандарын тапты. Видео
Баланы чет өлкөгө чыгаруу үчүн паспортту кантип алуу керек? 9 суроого жооп
Ырчы  Алтынай Асанбекова

Ырлары миллион көрүүчү топтогон Алтынай: мамлекеттик кызматта экениме сүйүндүм

228
(жаңыланган 19:48 28.02.2021)
Кыргыз эли таланттардан уучу кур эмес. Акыркы кезде интернет айдыңында миллиондон ашык көрөрман топтогон Алтынай Асанбекованын ырлары көпчүлүктүн көңүл чордонунда болууда.

Sputnik Кыргызстан агенттиги гитаранын ыргагында жүрөк кылдарын терметкен чыгармаларды чеберчилик менен аткара билген Алтынай Асанбекованы студияга чакырып маек курду.

Ырчы кыз чыгармачылыкка жаңыча стиль менен кошулууда.

— Негизи Бек Борбиевдин ырларын кыздар көп аткара бербейт. Интернетте элдин сүймөнчүлүгүнө татыган "Эсиңдеби" аттуу ырды кандайча ырдап калдыңыз?

— Кичине кезимде эле гитара ойногонду байкемден үйрөнгөм. Ал негедир Бек агабыздын (Борбиев — ред.) ырларына көп басым жасачу. Мен да анын таасири менен ошондой ырларды өздөштүрдүм. Негизи менин аткаруумда Бек Борбиевдин ырлары көп. Мурда "Эсиңдеби" аттуу ырды шаңдуу вариантта угуп жүрчүмүн. Бирок негедир мага жай ыргакта аткаруу жакты, ошол себептен өзүмдүн вариантымда алып чыктым.

— Чыгармачылыкка өз стилиңиз менен аралашып жатасыз. Бул ойлонуштурулган кадамбы?

— Жок, болгон өнөрүм жана жөндөмүм болсо керек деп ойлойм. Эч кандай деле атайын стиль караштырган эмесмин. Өзгөчөлүк экени өзүмө деле билинбейт (күлүп). Бирөөлөр эле сырттан карап айтып калбаса жаратылышымдан мүнөзүм да ушундай.

— Күйөрмандарга өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз?

— Толук аты-жөнүм Асанбек кызы Алтынай, бирок сахнага Алтынай Асанбекова деген ат менен чыгып жатам. Өзүм Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Семиз-Бел айылынан болом. Орто мектепти аяктаган соң борбордогу Кыргыз улуттук консерваториясынын алдындагы эки жылдык Опералык хор ырдоо бөлүмүнө тапшырып, музыкалык билим алгам. Андан тышкары, Кыргыз улуттук агрардык университетинин жерге жайгаштыруу факультетин бүтүргөм. Азыркы учурда мамлекеттик картография кызматында иштейм.

Кыргызская эстрадная певица Алтынай Асанбекова
© Фото / Сахаб Орозов
Алтынай Асанбекова: Кочкор районунун Семиз-Бел айылынан болом. Мектепти аяктаган соң Кыргыз улуттук консерваториясынын алдындагы эки жылдык Опералык хор ырдоо бөлүмүнө тапшырып, музыкалык билим алгам. Андан тышкары, Кыргыз улуттук агрардык университетинин жерге жайгаштыруу факультетин бүтүргөм. Азыр мамлекеттик картография кызматында иштейм.

— Көбүнчө кандай чыгармаларга басым жасайсыз?

— Учурда аткарып жаткан чыгармаларымдын көбү эле сүйүү жөнүндө. Бир тууган агам дагы чыгармачылыкка жакын, өзү ыр жазат. Азыр сөзү, обону агам Бакыт Илиясовго таандык "Жамгыр" аттуу ыр да элге жакшы алынууда. Бул менин коомчулукка алып чыккан алгачкы, тушоо кесүүчү чыгармам болуп калды. Негизи көбүнчө байкемдин ырларын аткарып жүрөм. Андан тышкары, дагы бир катар ырларды жаздыруудамын.

— Азыр ырчылар үчүн тойлордо ырдоо кадыресе эле көрүнүш. Сиз да тойлорго чакыруу алып турасызбы?

— Тойлорго акырындык менен чакыруулар тушүп жатат. Бирок көп эмес. Ырларымды уккусу келген адамдар үчүн тойдобу же кечедеби, айырмасы жок экен. Көбүнчө "Эсиңдебини" жана "Жамгыр" аттуу ырларды аткарып берүүмдү сурашат. Тойлордо шаңдуу ырларды угууну жактырышат эмеспи.

Кыргызская эстрадная певица Алтынай Асанбекова на радио Sputnik Кыргызстан
© Фото / Асель Сыдыкова
Алтынай Асанбекова: Учурда аткарып жаткан чыгармаларымдын көбү эле сүйүү жөнүндө. Азыр сөзү, обону агам Бакыт Илиясовго таандык "Жамгыр" аттуу ыр да элге жакшы алынууда.

— Келечекте музыкалык билимиңизди жогорулатуу оюңуз барбы?

— Алгач шаарга келип, Улуттук консерваторияга тапшырганда музыкант болом, консерваториядан жогорку билим алам деген аруу тилегим бар болчу. Бирок турмуш шартка байланыштуу билимимди андан ары уланта алган жокмун. Азыркы учурда андай план коё элекмин. Кийинчерээк кайрылып калармын.

— Чыгармачылыкта жол көрсөткөн адам барбы?

— Башында өзүмдүн аракетим менен эле ырдай баштагам. Бирок Сүймөнкул Чокморов атындагы Аламүдүн маданият үйүнүн директору алдыга сүрөп, көп жардам берди. Андан кийин "Жамгыр" аттуу ырыма клип тарттырдым. Ошентип шоу дүйнөсүнө аралашууда профессионал устат күткүм келип, Канат Кадыржан продюсердик борборуна кайрылдым. Жаңыдан иштешип баштаганда пандемия болуп калып, ишибиз бир аз солгун тартып калды. Азыр кайрадан бирге иштешүүгө белсенип турабыз. Сыр сандыгымда катылып турган жакшы чыгармаларымды элге тартуулайлы деген максаттар бар.

Акыркы учурда апама, ата-энеге, мекенге арналган ырларды аткаргым келип жүрөт. Өзүмө төп келген ырларды издеп жатам. Ылайыктуу чыгарма таба элекмин. Шаңдуу ырларды ырдасам деле кайгылуу аткарып салгандай сезиле берет. Ар бир тыбышты баса белгилеп, жан дүйнөмдү жеткире ачып бере албай, бат эле бүтүп калгандай сезим болот. Бирок шаңдуу ырларды да репертуарга кошуш керек экен. Ошол себептен Бек Борбиевдин "Бүгүн майрам, бүгүн той" аттуу ырын тар чөйрөдө аткарып жүрөм.

Кыргызская эстрадная певица Алтынай Асанбекова
© Фото / Сахаб Орозов
Алтынай Асанбекова: Кичинемде комуз ийримине барып, күү черткенди үйрөнчүмүн. Кийин 6-классымда байкем шаарда студент болуп жүрүп айылга гитара көтөрүп барып калды. Ошондон кийин комузду таштап, гитарага өтүп кеттим.

— Бек Борбиевдин ырларын ырдоодо уруксат сурадыңыз беле, негизи ал киши менен байланышыңыз барбы?

— Ал кишинин ырларын кавер түрүндө аткарып жүргөндүктөн уруксат сураган деле эмесмин. Чынында "Эсиңдеби" аттуу ыр Кудайберген Кутуевдики го деп эле жүрчүмүн. Ырдап чыгар алдында гана авторун билдим. Негизинен дүйнөлүк практикада деле кавер түрүндөгү ырларга уруксат суралбайт. Бирок улууну, авторду сыйлоо түшүнүгүнөн улам Бек агабызга бир ооз кайрылып, уруксат суроо оюмда бар. Бек Борбиев өзүнүн ырларын аткарып чыккан жаштарга түз эле көз карашта экенин угуп жүрөм. Карап көрсөм, буга чейин "Эсиңдеби" аттуу ырын бир топ жаш ырчылар аткарган экен.

Жакында эле Байел аттуу ырчы жигит экөөбүз дуэт кылып ырдап чыгуу үчүн Султан Садыралиевдин "Кош айтам сага" ырына уруксат сурадык.

— Ата-энеңиз кандай карап жатат?

— Алгач консерваториянын алдындагы эки жылдык студияда окуп жатканда ата-энем ырдоомо каршы болгон эмес. Кийин жакындарымдын "музыкадан башка жаатта деле билим алып албайсыңбы" деген кеңештеринен улам агрардык тармакта окугам. Ата-энем чыгармачылыгыма "жок" дешкен эмес, бирок колдоп беришти деп да айта албайм. Бирок акыркы убактарда ырдап чыккандарымды көрүп жакшы кеп-кеңештерин айтып, уруксатын, батасын беришти. Кээде сыймыктанып кеп кылып калышат. Үйдө кандайдыр бир чыгармачылык атмосфера бар. Ата-энем да ырдайт. Атам жаш кезинде актёр болууну самаптыр. Бирок ал кезде колдоп, жол көрсөткөн адам болгон эмес окшойт. Өзүнүн айтымында, жети атамдын бири чөлкөмгө белгилүү кыл кыякчы болуптур. Чоң атам жамактап ырдачу. Каныбызда, генибизде чыгармачылыктын данеги бар окшойт. Ал эми ырчы Акбар Сүйүнбаев экөөбүз бир тууган эки атанын балдарыбыз.

Кыргызская эстрадная певица Алтынай Асанбекова
© Фото / Сахаб Орозов
Алтынай Асанбекова: Ата-энем чыгармачылыгыма "жок" дешкен эмес, бирок колдоп беришти деп да айта албайм. Бирок акыркы убактарда ырдап чыккандарымды көрүп жакшы кеп-кеңештерин айтып, уруксатын, батасын беришти. Кээде сыймыктанып кеп кылып калышат.

— Гитарадан тышкары кайсы аспапта ойной аласыз?

— Кичинемде комуз ийримине барып, күү черткенди үйрөнчүмүн. Кийин 6-классымда байкем шаарда студент болуп жүрүп айылга гитара көтөрүп барып калды. Ошондон кийин комузду таштап, гитарага өтүп кеттим.

— Азыр мамлекеттик кызматта иштейт экенсиз, кесибиңиз жагабы? Биротоло сахнага аттанып, чыгармачылыкка кетүү планыңызда барбы?

— Чыгармачылыкка жан дүйнөм жакын. Сахнага чыгуу, ырдоо менин кичинекейимден бери келе жаткан кыялым. Бирок мамлекеттик кызматта иштеп калганыма кээде сүйүнөм. Адам ар тараптуу болушу керек экен. Каалоо болсо баарына жетишүүгө болот. Пандемия учурунда да мамлекеттик кызматта иштегенимдин пайдасы тийди. Тойлор токтоп, дээрлик ырчылардын баары жумуш жок отуруп калганда мен иштеп, каражат жагынан көйгөй жаралган жок. Жашоодо ар кандай кырдаал болот. Ошондо экинчи кесибимди окуп алганыма сүйүндүм.

228
Белгилер:
маек, гитара, ыр, ырчы
Тема боюнча
Аскат Мусабеков, Миргүл Асаналиева: бир ырдын арты менен сезимибиз бекемделди
Музыка менен АКШны багынткан кыргыз кызы: ыйлаган күндөрүм көп болду
Германиянын Минден шаарындагы университеттик клиникасында хирург болуп эмгектенген Жанат Бектуров

Германиядагы хирург Бектуров: ичеги рагын дарылоонун жаңы ыкмаларын изилдеп жатам

51
Мекендешибиз Жанат Бектуров бир нече жылдан бери Германиянын Минден шаарындагы университеттик клиникада операция жасап, аны менен кошо илимий иштерин жүргүзүп келет.

Европанын медицина тармагында эмгектенген дарыгер менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маек курду.

— Кыргызстанда кесибиңиз боюнча канча жыл иштедиңиз эле? Эмне болуп Германияга кетип калдыңыз?

— 2006-жылы Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясын аяктагам. Андан соң ординатура, аспирантураны окуп, ишмердүүлүгүмдү Мамбет Мамакеев атындагы госпиталдык хирургия кафедрасында баштагам. Аны өзүмдүн атам Жапар Бектуров жетектеп турчу. 2010-жылы Мамакеев аксакалдын кол алында кандидаттык диссертациямды жактадым. Бир жылдан кийин үй-бүлөбүздө чоң жоготуу болуп атамдан айрылып калдык. Аты кийин Ак-Суу райондук ооруканага ыйгарылды. Жакындарыбыздын көпчүлүгү медицина тармагында иштешет. Германияга 2011-жылы ошол жакта иштеген курсташым Бакыт Көбөгөновдун чакыруусу менен бир жылга практикага келгем. Бул убакыт аралыгында тил үйрөнүп, жумушка орношконго мүмкүнчүлүк пайда болду. 2012-жылы Минден шаарындагы университеттик клиникага кирип, учурда хирургия бөлүмүндө онкология багыты боюнча хирург болуп иштейм.

Хирург в университетской клинике в городе Минден (Германия) Жанат Бектуров
© Фото / из личного архива Жаната Бектурова
Жанат Бектуров Германияга 2011-жылы практикага кеткен. 2012-жылы Минден шаарындагы университеттик клиникага кирип, учурда хирургия бөлүмүндө онкология багыты боюнча хирург болуп иштейт.

— Ыкчам хирургиялык кийлигишүүгө муктаж болгондор көп болсо керек. Кандай операцияларды жасайсыз?

— Мен иштеп жаткан оорукана тегеректеги чоң клиникалардын бири болуп саналат. Түндө нөөмөттө туруп үч операция жасадым. Негизи бир күндө онго чейин операция жасап, көбүнчө уйку без, ашказан, боор, өпкөгө кылабыз. Бейтаптарыбыздын басымдуу бөлүгү онкологиядан жабыркагандар.

— Университеттик клиникалар дартты аныктоо, дарылоо, жаш адистерди окутуу, илим-изилдөө иштерди жүргүзүүнүн очогу деп койсок болот. Азыр алек болгон илимий ишиңиз барбы?

— Чет өлкөгө чыкканда көп нерсени байкадым. Ошол жылдары башка мамлекеттерде операцияны аппараттын жардамы менен жасап жатса, Кыргызстанда кол менен жасашчу. КРдеги ооруканаларда материалдык-техникалык база начар болгонуна карабай ак халатчандар башка мамлекеттердегидей эле дартты аныктап, дарылап келген. Союздан кийин бизде медицинанын өнүгүшү токтоп, көңүл бурулбай калды. Мен иштеген университеттик клиникада чоң илимий иштер, ошол эле маалда оор операциялар тынымсыз жасалып турат. Мекеме тарабынан илим-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн кызматкерлерге толук шарт түзүлгөн, ар кандай долбоорлорго да катышып турсак болот. Буга жылына бир нече күн бөлүнөт, ал күндөрү башка шаарларга барып кесиптештерибиз менен тажрыйба бөлүшөбүз. Мен азыр ичегидеги ракты дарылоонун жаңы ыкмалары боюнча изилдөө жүргүзүп жатам.

Хирург в университетской клинике в городе Минден (Германия) Жанат Бектуров (второй справа) с коллегами
© Фото / из личного архива Жаната Бектурова
Жанат Бектуров: Кыргызстанда алган медициналык билимибизди германиялыктар баалашат, көпчүлүгүбүздү күчтүү адис катары кабыл алышат. Анткени алгач келгенде эле кыргызстандык ак халатчандар кесипкөйлүгүн көрсөтүшөт.

— Германия саламаттык сактоого жыл сайын өтө чоң акча каражатын бөлүп турарын билебиз. Ал эми түрдүү оору, илдеттерди алдын алуу үчүн кандай аракеттерди көрөт?

— Менин билишимче, Германия жылына саламатык сактоо тармагына он миллиард евродон ашык каражат сарптайт. Анткени өнүккөн мамлекеттер өз элинин ден соолугу чың болушуна аябай жакшы көңүл бурат. Германиялыктар медициналык кызматка муктаж болуп калса чоң шаарларга келбей, жакынкы клиникаларга эле барат. Ошол ооруканаларда бүт жабдуу, тийиштүү адистер бар. Бул жакта үй-бүлөлүк медицина жакшы жолго салынган. Алар жер-жерлерде ооруну алдын алуу боюнча иш алып барат. Ар бир адам 50 жаштан өткөндөн кийин акысыз колоноскопиядан өтөт. Албетте, кандай гана оору болбосун аны өрчүп кеткенде эмес, баштапкы баскычында дарылоо жеңил жана адам өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк көп болот эмеспи. Жергиликтүү эл дагы өз саламаттыгына аябай көңүл бурат, медициналык камсыздандыруунун эсебинен байма-бай текшерүүдөн өтүп турушат.

— Мамлекет салган ошол каражаттын аркасы менен элге сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүлүп, андан сырткары, киреше дагы табышса керек?

— Ооба. Сарпталган акча сөзсүз киреше алып келет, алар бекеринен ири каражат коротушпайт. Чет элдиктерге кымбат баалуу операциялар жасалат, жарандар медициналык камсыздандырууга, салыкка жакшы акча төлөшөт. Дүйнөдө да медицина бир орунда турбай өнүгүп жатат. Мисалы, биз көп жылдан бери курсакты кеспей эки-үч жеринен тешип эле операция жасап келебиз, эми быйылтан баштап клиникада роботтор операция жасай баштайт. Мындайча айтканда, хирург бери жактан башкарып анын кыймыл-аракетин көзөмөлдөйт, ал эми негизги аракеттерди робот өзү кылат. Бул технологиялар да бир топ акчаны талап кылат.

Хирург в университетской клинике в городе Минден (Германия) Жанат Бектуров с коллегой
© Фото / из личного архива Жаната Бектурова
Жанат Бектуров: быйылтан баштап клиникада роботтор операция жасай баштайт. Мындайча айтканда, хирург бери жактан башкарып анын кыймыл-аракетин көзөмөлдөйт, ал эми негизги аракеттерди робот өзү кылат.

— Менимче, Германиянын саламаттык сактоо тармагында бир топ кыргызстандык эмгектенет. Алардын арасында таанымал мекендештерибиз да бар.

— Кыргызстанда алган медициналык билимибизди германиялыктар баалашат, көпчүлүгүбүздү күчтүү адис катары кабыл алышат. Анткени алгач келгенде эле кыргызстандык ак халатчандар кесипкөйлүгүн көрсөтүшөт. Мисалы, бир жердешибиз шаардык оорукананын башкы дарыгеринин орун басары, көбү бөлүм башчысы болуп иштешет. Кезинде Кыргызстандан беш курсташ келгенбиз, азыр бешөөбүз тең ар кайсы жерде хирург болуп иштеп жатабыз. Жетишкендиктер аябай көп. Аракет кылса, адам баласы жеңе албаган нерсе жок.

— Мекенден бөтөн жерге жолго чыкканда адам сөзсүз алдыга максаттарды коюп, чоң үмүт артат. Көздөгөн пландарыңыз толугу менен ишке аштыбы?

— Башка жерге келгенде ал элдин тартибине, менталитетине көнүүдө кыйынчылыктар болбой койбойт. Германияга жаңы келгенде бул жактын сертификатын алыш керек болуп калды. Анын жардамы менен Европанын башка мамлекеттеринин медициналык мекемелеринде иштөөгө болот. Буюрса, пландардын көбү ишке ашып жатат. Эң негизгиси — бул жактан бардык нерсени үйрөнүп, тажрыйбаны арттырып, билимди жогорулатып, анан ошонун баарын Кыргызстанга барып колдонсок деп максат койгом.

Хирург в университетской клинике в городе Минден (Германия) Жанат Бектуров с супругой
© Фото / из личного архива Жаната Бектурова
Жанат Бектуров: келинчегим кесиби боюнча эпидемиолог, экөөбүз учурда төрт баланы тарбиялап жатабыз. Эки кызыбыз Бишкекте, эки уулубуз Германияда төрөлгөн.

— Үй-бүлөңүз жөнүндө айта кетсеңиз. Кайра Кыргызстанга качан келесиз?

— Келинчегим кесиби боюнча эпидемиолог, экөөбүз учурда төрт баланы тарбиялап жатабыз. Эки кызыбыз Бишкекте, эки уулубуз Германияда төрөлгөн. Балдарыбыздын эне тилин, каада-салтты унутпашына аракет жасайбыз, үйдө кыргызча гана сүйлөшүп турабыз. Анан жеке менин ишимдеги ийгилигимде жубайымдын эмгеги чоң, ар тараптан колдоосу бизге дем берип турат.

Учурда Кыргызстандагы жаш адистерди практикага чакырып жатам. Алдыдагы эң чоң максатым — Бишкекте заманбап клиника ачуу. Долбоор каржылык маселелерден улам азыр кичине токтоп турат, буюрса, ал да жакынкы убактарда ишке ашат деген үмүтүм чоң. Чет жакта жүрсөк дагы ар дайым оюбуз Кыргызстанда. Жаңылыктарды калтырбай окуп кээде кубанып, кээде капаланабыз. Мен сыртка кеткенде кайра мекениме кайтып келем деп максат койгом, илимий иштеримди бүтүрүп алсам, жакын арада барам.

51
Белгилер:
маек, Жанат Бектуров, хирург, медицина, Германия
Тема боюнча
Төрөттөн коркуп арак ичип алган келинди сактай албай калдык. Гинекологдун маеги
Уролог: сүннөттөн жабыркаган баланын интимдик жашоосу трагедияга айланышы мүмкүн

Эл көп алган машиналар 1 000 долларга чейин арзандады. Инфографика

0
Ар жума сайын унаа базарындагы машиналардын баасына көз жүгүртүп турабыз. Sputnik Кыргызстан даярдаган инфографикада эл көп алган 15 унаанын наркы көрсөтүлөт.
Кыргызстандагы эң өтүмдүү автоунаалардын баасы кандай өзгөрдү

Кыргызстандыктар үчүн өткөн жумадагы эң популярдуу автокөлүктөр төмөнкүлөр болду:

  • Toyota Camry;
  • Daewoo Nexia;
  • Honda Fit;
  • Honda CR-V;
  • E класстагы Mercedes-Benz;
  • Daewoo Matiz;
  • 5-сериядагы BMW;
  • Volkswagen Passat;
  • Honda Accord;
  • Honda Odyssey;
  • Lexus GX;
  • Hyundai Sonata;
  • Lada 2107;
  • Toyota Prius;
  • Toyota RAV4.

Инфографикада өтүмдүү унаалардын орточо баасы чыгарылган. Мониторинг 2020-жылы ноябрда жана 2021-жылдын февралынын соңунда autobaza.kg, cars.kg жана mashina.kg сайттарындагы маалыматтарга таянуу менен жүргүзүлгөн.

Тизмеде эң кымбат деп эсептелген түрдүү үлгүдөгү унаалардын наркы бир топ төмөндөй түшкөнү байкалат.

2017-жылы чыккан Toyota Camry, 2008-жылы чыгарылган E класстагы Mercedes-Benz жана 2016-2017-жылкы Toyota RAV4 орто эсеп менен 1 000 долларга арзандаган. Ошондой эле 2003-2008-жылдары сатыкка чыккан Lexus GX баасы 400 доллардан 1 000 долларга чейин түшкөн.

Ал эми 5-сериядагы BMW, Hyundai Sonata, Toyota Prius бир аз баасын көтөрүп, мурдагы жумага салыштырмалуу 100-300 долларга кымбаттаган.

Аналитиктер баалардын өсүшү автоунаанын техникалык абалына жана тез арада сатылышына байланыштуу экенин айтышууда.

0
Белгилер:
арзандоо, баа, базар, автоунаа, Кыргызстан
Тема боюнча
Курулуш компанияларынын жетекчилери Марипов менен жолугуп, көйгөйүн айтышты