Эстеликтеги гүлдөр. Архив

Ата-энеси таенесинен "сатып алган" Сатыбалды Далбаев тууралуу 7 факты

1286
(жаңыланган 10:45 30.04.2019)
Кыргыз эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын, "Манас" ордени, "Даңк" медалынын ээси Сатыбалды Далбаев 85 жаш курагында дүйнө салды.

82 жашка чейин театрга кызмат кылып, өмүрүн, жашоосун чыгармачылыкка арнаган инсан, театр корифейи тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги фактыларды топтоду.

Актерду ата-энеси таенесинен "сатып алган". Сатыбалды Далбаев 1934-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылында туулган. 7-класска чейин айылдагы мектепте билим алып, андан кийин окуусун Жалал-Абад облусундагы мектеп-интернатында уланткан. Далбаев көзү тирүү кезинде жергиликтүү телеканалдарга берген маегинде ысымынын таржымалын төмөнкүчө баяндаган: "Апам удаа-удаа төрөп балдары бат эле чарчап кала берчү экен. Мен төрөлгөндө "ымыркайыбыз аман-эсен торолуп кетсин, өмүрү узун болсун" деген ой менен мени таенемен сатып алдык деп ысымымды Сатыбалды коюшуптур", — деген.

Дарыгер болмок... Интернатты аяктаган соң Далбаев Фрунзеге мединститутка тапшырганы келет. Ал ортодо жолдош балдары Москвадагы театралдык окуу жайга атайын комиссия сынак өткөрүп жатканын айтышып, Далбаевге күчүн сынап көрүүнү сунушташат. Далбаев экзаменге катышып, Москвадагы Луначарский атындагы мамлекеттик жогорку театралдык институтуна өтүп кетет. Аталган окуу жайда беш жыл билим алып, кыргыз студиясы койгон дипломдук спектаклдерде башкы ролдорду ийгиликтүү ойногон.

Театрдан тапкан сүйүүсү. Сатыбалды Далбаев менен өмүрлүк жары Мираида Далбаеваны театр табыштырган. Сүйүү баяны тууралуу жубайлар теле, радио, гезиттерге көп эле маек беришкен. Маркум Далбаев өмүрлүк жубайына жолуккан күнүн төмөнкүчө эскерген: "Москвадан окууну жаңы бүтүп келген кезим. Театрда "Курманбек" спектаклине даярданып, фойеде кылыч менен чабышып даярдык көрүп жатсак эле эшиктен Мира кирип келди. Чачы түйүлгөн, жакшынакай, оор басырыктуу... Дароо эле көзгө урунуп, ичимде башкача сезимдер пайда боло түштү. Көрсө, ал кезде Мираида дагы театрга жаңыдан аралаша баштаган кези экен. Экөөбүз 7 айга чукул кол кармашып, кыз-жигит болуп жүрдүк. Бир күнү театрдын Муратбек Рыскулов баш болгон дөө-шаа агаларым "Мира менен сүйлөшүп жүрөсүңбү?" деп сурады. "Ооба" деп жооп берсем эле "Кечиктирбей эртерээк үйлөн, башкалар ала качып кетпесин" дешти. Кыштын кыраан чилдеси, 5-январь болчу. Мираны жашаган үйүбүзгө конокко чакырып же жасаган дасторкон жок эле баш кошуп алганбыз. Үлпөт тоюбуз 20-январда болгон. Шаарда туугандарыбыз деле жок, Ашыр Чокубаевдин атасы бир жылкысын союп, башкалары дасторконун жасап, тоюбуз театрдын фойесинде өткөн".

Володя Ульянов, Ленин — Далбаевдин топ жарган ролдору. Театрда жарым кылымдан ашык эмгектенген Сатыбалды Далбаев дүйнөлүк жана кыргыз драматургиясы боюнча коюлган спектаклдердин көбүндө роль жараткан. Болгондо да баш каармандарды ойногон. Анын театрдагы дебюту Шүкүрбек Бейшеналиевдин "Кычан" спектаклиндеги Кычандын ролу болгон. Мындан сырткары, Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" чыгармасынын негизиндеги спектаклде Жайнактын, "Жамийлада" Сейиттин, Жалил Садыковдун "Манастын уулу Семетей" спектаклинде Жакыптын ролун ийине жеткире ойногон. Ага атак-даңк алып келип, талантын ого бетер ачкан ролдору Игорь Поповдун "Үй-бүлөсүндө" Володя Ульяновдун образы жана Кубанычбек Маликовдун "Бийик жерде" драмасында Темирдин жана Владимир Ильич Лениндин ролу болгон. Дал ушул ролдору үчүн актер шаардан беш бөлмөлүү үй алып, ошол учурда өлкө башкарып турган Турдакун Усубалиевдин мактоосуна татыган.

Аялдардын ичинен биринчи болуп Кыргыз эл акыны наамына татыган Тенти Адышева
© Фото / из семейного архива Кулубека Боконбаева
82 жашка чейин театрда кызмат кылган. КР эл артисти Марат Алышпаев Сатыбалды Далбаев чыйрак адам экенин айтып, 82 жашка чейин театрда иштегенин эскерди. "Эртең менен таң атпай туруп Ататүрк атындагы паркта чуркап, басып, сейилдечү. Өзүн аябай жакшы карачу. Көп жыл Жалил Садыковдун "Манастын уулу Семетей" спектаклинде Жакыптын ролун ойноду. Бексултан Жакиевдин "Жүрөлүчү жүрөк оорутпай" спектаклинде абышканын ролун мыкты аткарган. Бул образды 20 жылдай ойноду. Акыркы ролдорунун бири болду", — деди Алышпаев.

Сыйлыктары. 1970-жылы "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" наамын алган, 1970-жылы "Лениндин 100 жылдыгы" медалы, "Эмгек Кызыл Туу" ордени, КР Ардак грамотасы менен сыйланган. КР эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, Муратбек Рыскулов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты. 1995-жылы "Манас-1000" медалы, "Манас" орденине татыган. 2008-жылы Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты болгон.

Балдары. Таланттуу жубайлар эки кыз, бир уулдуу болушкан. Улуу кызы Айнура учурда Лондондо жашайт. Үчөө тең чыгармачылыктан алыс, башка тармактарда эмгектенишет.

1286
Белгилер:
театр, талант, артист, Сатыбалды Далбаев
Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (370)
Тема боюнча
Чемоданда чоңойгон. Актриса Шайыр Касымалиева тууралуу 8 факты
Ашыгына алоолонуп араң жеткен акын. Жолон Мамытов тууралуу 7 факты
Манастын эстелиги. Архивдик сүрөт

Таластагы "Манас Ордо" комплексинде бир сутка бою манас айтылат

19
(жаңыланган 12:31 02.12.2020)
Майрамдык салтанатты өткөрүүгө республикалык бюджеттен акча сарпталбайт. Азем демөөрчүлөрдүн жана меценаттардын колдоосу менен өткөрүлөт.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. 4-декабрдагы "Манас күнүнө" карата Талас облусундагы "Манас Ордо" комплексинде бир сутка бою манас айтылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Иш-чара Кыргызстандын бардык аймагынан келген жаш жана белгилүү манасчылардын катышуусу менен өтөт. Манас айтуу 4-декабрь күнү саат 11:00дө башталып, 5-декабрь күнү 11:00дө токтотулат.

Майрамдык салтанатты өткөрүүгө республикалык бюджеттен акча сарпталбайт. Азем демөөрчүлөрдүн жана меценаттардын колдоосу менен уюштурулат.

Ачылыш аземи атайын театрлаштырылган программа менен коштолуп, "Маданият. Тарых. Тил" каналы аркылуу түз эфирден көрсөтүлөт.

19
Белгилер:
"Манас Ордо" комплекси, Манас айтуу, Талас
Тема боюнча
Адистер манасчы Дөөлөт Сыдыковдун феноменин изилдөө үчүн канынан анализ алды
Күүлөнгөн манасчы, күткөн эл. Гиннес китебине кирүүгө ташталган кадамдын сүрөттөрү
Оңдоо иштери жол белгиси. Архив

Финпол: Ошто 43 млн. сом бөлүнгөн жолдун курулушу бүтпөй калган

81
(жаңыланган 12:09 02.12.2020)
Бүгүнкү күндө жол пайдаланууга бериле элек, ал эми аткарылбай калган жумуштун чыгымы 13 миллион сом деп бааланууда.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Ошто 42,9 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн Кең-Сай жаңы конушуна кетчү жолду аягына чейин курбай коюшкан. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтан (Финансы полициясы) билдиришити.

Финансы полициясы бюджеттик каражатты уурдоо фактысы боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

Мурдагы вице-премьер Тайырбек Сарпашев. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Маалым болгондой, Ош облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгы жеке ишкана менен келишим түзгөн. Ага Кең-Сай конушуна кирүүчү жана айыл ичиндеги жолдорду куруу боюнча 42,9 миллион сомдон ашык акча которгону аныкталды. Бирок бүгүнкү күндө объект пайдаланууга бериле элек, ал эми аткарылбай калган жумуштун чыгымы 13 миллион сом деп бааланууда.

Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, жеке ишкананын жетекчиси П.Т. аттуу жаран кармалган.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп, аталган ишкананын кызыкчылыктарын коргоого тиешеси бар адамдар аныкталып жатат. Ошондой эле мамлекеттик бюджетке каражаты кайтартуу боюнча иштер жүрүүдө.

81
Белгилер:
коррупция, курулуш, жол, финансы полициясы, Ош
Тема боюнча
23 млн. доллар... Финпол кылмыштуу кирешени адалдаган схеманы аныктады
Финпол бюджетке зыян келтирген ишканадан 281 млн. сом өндүрдү
Ат-Башыга логистикалык борбор проекти. Архив

Ат-Башыга логистикалык борбордун курулушу күтүлүүдө. Маселе кайра каралды

0
(жаңыланган 12:51 02.12.2020)
Чечим 2019-жылдын аягында чыгып, инвесторлор табылып, алар жердин ижара акысынын бир бөлүгүн төлөп коюшкан. Бирок жергиликтүү тургундардын каршылыгынан улам борбор салынбай калган.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун аймагына бажы-логистикалык комплексин куруу маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, 25-ноябрь күнү Экономика министрлигинин алдындагы Мамлекеттик-менчик өнөктөштүк борборунун кызматкерлери бажы кызматынын өкүлдөрү менен Нарын облусуна иш сапары менен барып, облус башчысы, Ат-Башы районунун акими жана бир катар тийиштүү мекемелердин кызматкерлери менен жолугушкан.

"Анда Ат-Башы районуна бажы-логистикалык комплексин куруу долбоорун ишке ашыруу маселеси талкууланды. Ошондой эле жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселелери чечилди. Жолугушууда логистикалык борборду курууга ылайыктуу жерлер каралды", — деп айтылат маалыматта.

Министрлик бул долбоорду ишке ашырууда мамлекеттик өнөктөш катары Мамлекеттик бажы кызматы көрсөтүлүп жатканын белгиледи.

"2017-жылдын октябрь айынан 2018-жылдын мартына чейин аталган долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыккан. Анда инвестор менен келишим 25 жылга чейин түзүлөт деп жазылган. Ал эми инвестициянын көлөмү 30 миллион доллар. Учурда Бажы кызматы менен Мамлекеттик-менчик өнөктөштүк борбору тендердин документтерин даярдады. Инвесторлорду тандоо үчүн сынак жарыяланып, тендердин жыйынтыгы менен жеңүүчү аныкталат", — деп айтылат билдирмеде.

Министрлик жакында долбоорду каржылай турчу компанияларга тендер жарыялана турганын кошумчалады.

Эске салсак, Ат-Башыга логистикалык борбор куруу чечими 2019-жылдын аягында чыккан. Бирок жергиликтүү тургундардын каршылыгынан улам салынбай турганы маалым болгон. Логистикалык борборду Нарынга кытай, кыргыз ишкерлери аралашкан "Ат-Башы" кыргыз-кытай эркин соода аймагы" ЖЧКсы курмак. Инвесторлор "Нарын" эркин экономикалык аймагынан 49 жылга ижарага жер алып, акчанын бир бөлүгүн берип коюшкан. Ал каражат инвесторлорго кайра кайтарылган-кайтарылбаганы боюнча өкмөт буга чейин үн ката элек болчу.

0
Белгилер:
тендер, инвестор, логистикалык борбор, Ат-Башы, Нарын
Тема боюнча
Жылына 8 тонна. Баткенде өрүктү кайра иштеткен логистикалык борбор курулууда
Ат-Башыга курулчу логистикалык борбор: инвестордун 45 миллион сому кайда?