"Өлбөс полктун" Бишкектеги катышуучулары Жеңиш туусунун көчүрмөсүн алып чыгышат

© Sputnik / Табылды КадырбековШествие Бессмертного полка в Бишкеке к 72 годовщине Победы
Шествие Бессмертного полка в Бишкеке к 72 годовщине Победы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуу Ата Мекендик согушка 363 миң кыргызстандык аттанып, 90 миңден ашууну кайтпай калган.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Бүгүн Россиянын Кыргызстандагы элчилигинде Рейхстагга илинген Жеңиш туусуна окшоштурулуп жасалган желекти Бишкек шаардык кеңештин депутаттарына жана "Өлбөс полк" акциясынын уюштуруучуларына тапшыруу аземи өттү.

Мындай иш-чара республикада биринчи жолу өтүп жатканы айтылат.

"Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына өзгөчө көңүл бурулат. Миңдеген киши "Өлбөс полк" акциясына чыгат. Биз бул иш-чарага кошумча маани берүүнү чечтик", — деди РФ элчиси Николай Удовиченко.

Бишкектен тышкары митинг-реквиемдин Кыргызстандын 32 шаарында өтөрү пландалып жатат.

Жеңиш күнү борбор калаада концерт жана совет маалындагы аскердик техниканын көргөзмөсү өтмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0