Кыргызстанда массалык түрдө балдар уурдалып жатабы? ИИМдин жообу

Жазылуу
Мессенджерде ата-энелерди чочулаткан үн жазылмалар тарап жатат.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. WhatsApp мессенджеринде Кыргызстандын чар тарабында балдар массалык түрдө уурдалып жатканы боюнча маалыматтар тарап жатат.

Задержание подозреваемого в издевательстве над мальчиком - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте мигранттын уулун таякеси сабап, унаасы менен сүйрөткөн
Алардын биринде беткап кийген адамдар балдарды уурдап жатканы белгиленген. Каракол шаары менен Ош облусунда белгисиз адамдар балдарды балмуздак менен алдап жатканын, эгер алар качып жөнөсө, артынан кууган учурлар болгонун айтып берген үн жазылмалар мессенджер аркылуу тароодо.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы тарап жаткан үн жазылмалар текшерилип, бала уурдоо же уурдоого аракет жасоо фактылары катталбаганын маалымдады.

ИИМ жарандарды маалыматты тактамайын башкаларга таратпоого чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0