Уй фермасы. Архив

КРдин ветеринардык системасы ЕАЭБ талаптарына жооп берет деп табылды

94
Бул документ эми кыргызстандыктар биримдиктин курамына кирген өлкөлөрдө өз товарларын эч тоскоолдуксуз сата алат дегенди түшүндүрөт.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясы Кыргызстандын ветеринардык системасы ЕАЭБдин талаптарына жооп берерин тастыктаган документке кол койду. Бул тууралуу вице-премьер жана Кыргызстандын ЕЭКтеги өкүлү Жеңиш Разаков билдирди.

Анын айтымында, бул документ эми кыргызстандыктар биримдиктин курамына кирген өлкөлөрдө өз товарларын эч тоскоолдуксуз сата алат дегенди түшүндүрөт.

"Россия берген гранттардын жардамы менен ветеринардык лабораторияларды заманбап жабдуулар менен камсыз кыла алдык", — деди Разаков.

Вице-премьер кошумчалагандай, Кыргызстан ЕАЭБге киргенден бери атайын комиссия ветеринария системасын үч ирет текшерген. Өлкө акыркы жолкусунда гана интеграциялык бирикмеге кирген өнөктөштөрдүн жакшы баасына татый алган.

94
Белгилер:
документ, ветеринария, Жеңиш Разаков, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема боюнча
Бишкекте 6 өлкөнүн коргоо министрлери чогулуп, коопсуздукту талкуулап жатышат