Россиядагы Наталья кыргыз атасын 32 жылдан кийин Нарындан тапты. Окуянын чоо-жайы

© Фото / из семейного архива АбыкеевыхРоссиянка Наталья нашла отца Ишенбека Абыкеева спустя 32 года
Россиянка Наталья нашла отца Ишенбека Абыкеева спустя 32 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын Брянск шаарында жашаган Наталья атасын 32 жылдан кийин Нарындан тапты. Ишенбек Абыкеев аталган шаарда аскер кызматын өтөп жатып жергиликтүү кыз менен сүйлөшүп жүргөн. Бирок андан кыздуу болгонун билбей эле Кыргызстанга келе берген.

Ишенбек Абыкеев аскерден келгенден кийин бул жактан бүлө куруп, бир уул, үч кыздуу болгон. Улуу баласы Чыңгыз Абыкеев тагдырдын жазмышы тууралуу айтып берди.

Атасын чейрек кылым өткөндөн кийин тапкан кыз туугандарын дароо үйүнө чакырып, 2018-жылды бирге тосушкан. Өзү да жакында Кыргызстанга келип, бул жактагы сиңдисинин тоюна катышып кетти. 

© Фото / предоставлено Чынгызом АбыкеевымНаталья Кыргызстанга келип, туугандары менен таанышып жаңы тапкан бир тууган сиңдисинин тоюна катышып кетти
Россиядагы Наталья кыргыз атасын 32 жылдан кийин Нарындан тапты. Окуянын чоо-жайы - Sputnik Кыргызстан
Наталья Кыргызстанга келип, туугандары менен таанышып жаңы тапкан бир тууган сиңдисинин тоюна катышып кетти

— Россиянын бир бурчунда жашаган Натальянын атасын кантип тапканы кызык болуп жатат. Негизи качантан бери издеп баштаган экен?

Француздар асырап алган кыргыз бала 11 жылдан кийин туугандарын тапты. Видео - Sputnik Кыргызстан
Француздар асырап алган кыргыз бала 11 жылдан кийин туугандарын тапты. Видео
— Атам Брянск шаарында 1982-84-жылдары аскер кызматын өтөгөн. Наталья 1985-жылы төрөлүптүр. Тилекке каршы, 6 жашка чыкканда апасы каза болуп калган экен. Ал өлүм алдында "сенин атаң кыргыз, аты Абыкеев Ишенбек Шаршеевич. Кийин чоңойгондо аскер бөлүгүнө барып архивден издеп тап" деп айтып кетиптир. Наталья таенесинин колунда калган, кийин ал да дүйнөдөн өтүп кетет. Көп кыйынчылыкты баштан кечириптир, ошентсе да атасын табуу үмүтү өчкөн эмес экен.

Аскер бөлүгүнө барса, Абыкеев Шейшенбек Шаршеевич (паспорттогу аты ушундай болчу, бирок чын аты Ишенбек), дареги Кыргыз ССРи, Мин айылы (Тянь-Шань району, Миң-Булак айылы деп толук жазылбай калган) деген маалымат бериптир. Анан Ишенбек эмес, Шейшенбек турбайбы деп издеп баштаптыр. Москвага барган сайын кыргыздардан сурап жүрүптүр. Канчасы табууга аракет кылганы менен майнап чыкпаптыр. 

© Фото / предоставлено Чынгызом АбыкеевымЫмыркай кезиндеги Натальянын энеси менен түшкөн сүрөтү. Ал 6 жашка чыкканда апасы каза болуп калган.
Россиядагы Наталья кыргыз атасын 32 жылдан кийин Нарындан тапты. Окуянын чоо-жайы - Sputnik Кыргызстан
Ымыркай кезиндеги Натальянын энеси менен түшкөн сүрөтү. Ал 6 жашка чыкканда апасы каза болуп калган.

— Социалдык тармактар аркылуу издеген эмеспи?

— Ал убакта интернет жок болчу да. Бирок Биринчи каналдын "Жди меня" программасына кайрылып да таба албаганын айтып берген. "Одноклассники" тармагы пайда болгондо "Кыргызстан, Абыкеев" деп издеп, баарына жазып чыгат. Ошентип жүрүп 2017-жылы октябрь айында Нарын шаарында аскер кызматында иштеген Темирбек Абыкеев деген байкеге жазып, тагдырын баяндап бериптир. Ал "Мин" деген айыл жок эле деп, Миң-Булак айыл өкмөтүндө иштеген карындашына чалып сурайт. Анысы атамды тааный турганын айтып, номерин алып бериптир. Ошентип, атамды өзүнө чакырып, "кызың бар экен" деп айтса "шок" болуп калыптыр. Ошол жерден Натальяга сүйүнчүлөп, Skype аркылуу атасы менен кызын көрүштүрүптүр. Эжем "мен жашоонун көп кыйынчылыгынан өтүп, сизди таптым" деп ыйлап үйүнө чакырыптыр. 

© Фото / предоставлено Чынгызом АбыкеевымНатальяны таенеси багып чоңойткон. Тилекке каршы ал да кийинчерээк дүйнөдөн өтүп кетет.
Россиядагы Наталья кыргыз атасын 32 жылдан кийин Нарындан тапты. Окуянын чоо-жайы - Sputnik Кыргызстан
Натальяны таенеси багып чоңойткон. Тилекке каршы ал да кийинчерээк дүйнөдөн өтүп кетет.

— Бул тууралуу атаңыз үй-бүлөсүнө кантип айтты, биринчи укканда кандай кабыл алдыңыздар?

— Ошол күнү шаардан келгенден кийин атам өзүнчө эле башкача болуп үйгө батпай, кирип-чыгып жатты. Акыры эмне болду деп сурасам, "Жүр, балам, үстүңкү кабатка чыгалычы, сөз бар,- деди. Чыксам акырын сөз баштап: "Чыке, эми сен улуусу болбой калдың, эжең бар экен,- дейт. Кандайча деп ар нерсе оюма кетти. - Ошо... аскерде жүргөндө 5-6 жолу шаарга чыкканбыз. Бир орус кыз менен сүйлөшчүмүн, боюна бүтүп калыптыр, эжең бар экен",- дейт. Мен күлүп, "эжем бар болсо кайра жакшы да" деп сүйүндүм. "Эми апаңа кантип айтабыз?" - деди. "Окуя сиздер баш кошконго чейин болуп жатпайбы" дедим. Ал убакта апам Бишкекте болчу. Барып биринчи карындаштарыма айтып, алар апама айтса, "эми атаңар жөн жүрбөйт да, эмне кылмак элек, кайра жакшы болгон турбайбы" дептир. Анан жолугуп келсин деп баарылап акча чогулта баштадык. Апам да пенсиясын берип, кызга эт, майда-чүйдө салып берип эки айдан кийин жөнөттү. 

© Фото / предоставлено Чынгызом Абыкеевым32 жылдан кийин кызы бар экенин билген Ишенбек Абыкеев күйөө баласы, кызы менен
Россиядагы Наталья кыргыз атасын 32 жылдан кийин Нарындан тапты. Окуянын чоо-жайы - Sputnik Кыргызстан
32 жылдан кийин кызы бар экенин билген Ишенбек Абыкеев күйөө баласы, кызы менен

— Атаңыз өзү эле барып келдиби, кандай тосуп алышыптыр?

— Жок, аскерде чогуу болгон досу жана карындашым Диана болуп үчөө барды. Наталья "атам келет" деп үйүн ремонттоп, жууп-тазалап, жаңы килемдерин салып, үйүнүн ичинде ит бакчу экен, аны башка жакка алып барып катуу даярданыптыр. Күйөөсүнүн улуту белорус, ортодо бир баласы бар экен. Эжемдин кебетеси өзүбүзгө эле окшоп турат, мурду Шарше чоң атамдын мурдун эле коюп койгондой. Бир жума жүрүп, жаңы жылды ошол жактан тосуп келишти. Кайра Москвага алып келип узатып коюшуптур. Кийин жазда жүк ташуучу фура алалы деп калдык. Ал жездемдин ата-энеси, башкача айтканда, кудаларыбыз Минскиде жашайт экен. Атам ошол жакка барып, кудасынын жардамы менен фура тандап алып келген. Ошондо келе жатып да тийип келиптир. Өзүм былтыр жайда Москвага Футбол чемпионатында үйүнө барып учурашып келдим. Москвадан ары 300 чакырым экен, поезд менен үч саат жол жүрдүм. 

© Фото / предоставлено Чынгызом АбыкеевымАтасын чейрек кылым өткөндөн кийин тапкан Наталья туугандарын дароо үйүнө чакырып, 2018-жылды бирге тосушкан
Россиядагы Наталья кыргыз атасын 32 жылдан кийин Нарындан тапты. Окуянын чоо-жайы - Sputnik Кыргызстан
Атасын чейрек кылым өткөндөн кийин тапкан Наталья туугандарын дароо үйүнө чакырып, 2018-жылды бирге тосушкан

— Наталья төрөлгөндөн кийин апасы атаңызды издебептирби? Негизи эле атаңыз анын кош бойлуу болуп калганын билген бекен?

— Жок, билген эмес да. 1984-жылы аскерден кайткан, Наталья 1985-жылы төрөлүптүр. Апасы кийин кат жазган эмеспи, же каты башка дарекке кетип калганбы, айтор байланышкан эмес. Окуучу кезинде улутун сурашса, Наталья "менин атам кыргыз" деп койчу экен. Таенеси каза болгондон кийин бир таежеси эле калып, турмушка чыгып, жакын 5-6 эле тууганы бар экенин айтты. Атамды тапсам деп жүрчү экен. 

© Фото / Чынгыз АбыкеевЧыңгыз үйдүн эң улуусу болчу, эми ал эжелүү болдум деп сүйүнүп турат
Россиядагы Наталья кыргыз атасын 32 жылдан кийин Нарындан тапты. Окуянын чоо-жайы - Sputnik Кыргызстан
Чыңгыз үйдүн эң улуусу болчу, эми ал эжелүү болдум деп сүйүнүп турат

— Жакында Наталья өзү Кыргызстанга келген экен. Бул жактагы туугандарын көрүп кандай маанайда кетти?

Кайдасың? берүүсүн алып баруучусу Нуркамал Асканова - Sputnik Кыргызстан
Нуркамал Асканова: чет өлкөгө иштеп кеткен эне 20 жылдан соң Кыргызстандан табылды
— Кыргызстанга чакырсак, чыгынып келе албай жүрдү эле. Диана карындашымдын тоюнун шылтоосу менен бир бөлөсү экөө 21-апрелде келип, бир жума жүрүштү. Бишкектин четиндеги эс алуу жайларга, тоолорго алып бардык. Ал жакта токой эле болгондуктан бийик тоону, жада калса ташты көрбөптүр да. Нарында өзүбүз жашаган үйдү көрсөттүк, коңшулар чайга чакырды. Эртеси Ысык-Көлгө алып барсак аябай суктанып, "мурда айтсаң чакан эле көл" деп ойлогом дейт. Атам 11 бир тууган да, алар бала-чакасы менен үйүнө конокко чакырса, "туугандарым көп турбайбы" деп сүйүнгөнүн айтпаңыз. Карындашымдын тоюна катышты, эртеси кудага алып бардык. 5-6 жолу эт тартышса таң калып, "бир жылдык этти жеп салдык" деп күлдү. Анан тойдо 250 адамды каяктан табасыңар деп сурабадыбы. Аларда көп болсо 50 киши болот тура, өз алдынча ичип-жеп, ойноп тарап кетишет экен. Ар бирин дыкаттык менен уюштуруп, сыйга жакшы экенсиңер деп калды. Кыргыздарды такыр башкача элестетип келген экен.

© Фото / предоставлено Чынгызом АбыкеевымАтасын чейрек кылым өткөндөн кийин тапкан Наталья
Россиядагы Наталья кыргыз атасын 32 жылдан кийин Нарындан тапты. Окуянын чоо-жайы - Sputnik Кыргызстан
Атасын чейрек кылым өткөндөн кийин тапкан Наталья

Эң кызыгы, атам, чоң атам, бабам соодагер болушкан. Наталья да күйөөсү экөө Москвадан кийим алып барып Брянскиде сатып оокат кылат экен. Арзаныраак экен деп "Дордойдон" эки чемодан кийим алып кетти.

Жайкы сезондо да үй-бүлөсү менен келмей болду. Узатып жатканда "атамды жакшы кара, анын башы ооруйт, дарылансын, эгер акча керек болсо жөнөтөм" деп мени да ыйлатты...

Жаңылыктар түрмөгү
0