Elite House Мамэкотехинспекциянын тогуз кабат үйдү түрттүрүү чечимине жооп берди

© REUTERS / Mike Hutchings / File PhotoСтроительство домов в Кейптауне
Строительство домов в Кейптауне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Компаниядан көп кабаттуу үйдү курууга уруксат документтер бар экендигин айтышты.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Elite House курулуш компаниясы алардын тогуз кабат эки үйүн түрттүрүү боюнча Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын тараткан маалыматын туура эмес деп эсептээрин айткан кабар таратты. Бул туурасында аталган компаниянын маалымат кызматы билдирди.

Снос незаконно возведенного многоэтажного дома в Екатеринбурге - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жол оңдоо үчүн үйлөр менен мейманканалар түрттүрүлөт
Буга чейин аталган инспекция Бишкектин райондор аралык соту Elite House курулуш компаниясын Аалы Токомбаев көчөсүндө курулуп жаткан эки тогуз кабаттуу үйүн түрттүрүүгө милдеттендирди деген маалымат тараткан.

Курулуш компаниясынан Токомбаев көчөсүндөгү "София" деп аталган 9 кабат үйдү куруу боюнча уруксат документтери бар экендигин билдиришти. Алар пландалган архитектуралык шарттары, инженердик-техникалык шарттар жана долбоордун макулдашылган документтер дешти.

Маалыматта үй эки - А жана Б комплекстеринен турарын айтылды.

Компаниядан "КРдеги лицензиялык-уруксат берүүчү система жөнүндөгү" мыйзамда курулушка уруксат берүү нормасы каралбагандыктан, уюм сот органдары, аталган инспекция менен Бишкек боюнча талаштуу пикирде болуп жаткандыгын айтышкан.

Elite House компаниясы кеңсесине журналисттерди чакырып, курулуштун жүрүшү менен тааныштырууга макул экендиктерин айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0