Оштун айрым райондорунда жарык өчүрүлөт. Тизме

© AFP / BARBARA SAX Газификация Берлина
Газификация Берлина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Электр жарыгы 09:00дөн 17:00гө чейин үзгүлтүккө учурамакчы.

ОШ, 1-май — Sputnik. 2-майда Ош шаарынын айрым аймактарында убактылуу жарык өчүрүлөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, электр жарыгы төмөнкү райондордо 2-май күнү саат 09:00дөн 17:00гө чейин жок болот:

— Кулматов, Исанов, Обзорная, Навои, Мирзажанов, Руставели, Курбанов, Бөкөнбаев, Луначарский, Фурманов, Чайкин, Королев, Набиев, Исабаев көчөлөрүндө;

— Руставели көчөсүндө жайгашкан №2, 4, 6, 8 көп кабаттуу үйлөрүндө жана Исанов көчөсүндө жайгашкан № 85, 86, 93 үйлөрүндө жарык берүү үзгүлтүккө учурайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0