Борбор калаада фонтандар иштей баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековБорбор калаадагы фонтандар. Архив
Борбор калаадагы фонтандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ала-Тоо" аянтындагы жана Тарых музейинин алдындагы фонтандар кечки саат 21:00гө чейин өчпөйт.

БИШКЕК, 1-май — Sputnik. "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери Бишкектеги фонтан комплекстерин ишке киргизди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, ишкананын балансында жалпысынан 16 фонтан комплекси бар. Алардын баары эртең мененки саат 10:00дөн кечки саат 19:00гө чейин иштемекчи. "Ала-Тоо" аянтындагы жана Тарых музейинин алдындагы фонтандар кечки саат 21:00гө чейин өчпөйт.

"Фонтандар техникалык жагдайлардан улам 14:00дөн 16:00гө чейин убактылуу өчүрүлүп турат", — деп жазылат маалыматта.

Борбордук "Ала-Тоо" аянтына гүл отургузуу иштери да башталды. Буга чейин "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери аянтка гүлдөр менен саат жасашкан. Ал жерден Бишкек убактысын көрүүгө болот. Мэриянын маалыматына ылайык, аянтка жалпы жонуна 95 миң гүл отургузуу пландалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0