Курсагыңыз тез ачса, дарыгерге кайрылыңыз! Окумуштуулардан кеңеш

© AFP / FRANCOIS GUILLOTТамактанып жаткан аял. Архив
Тамактанып жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгер ошондой эле уктаар алдында адамдын табитинин ачылышы кандагы канттын жогорулашынан кабар берерин айтат.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Тамак ичкенден кийин курсак тез эле ача берсе, кант диабетинин өрчүшүнөн кабар берет. Бул тууралуу "Известия" жазды.

Британиялык дарыгер Мэтью Кейпхорндун айтымында, эгер адам өзү тое турган өлчөмдө тамак жеп, бирок тез эле карды ачса, ооруканага кайрылуусу зарыл.

"Адам канча саатта ачка болуп жаткандыгын эсептеши керек. Негизи киши курсакты тойгузгандан кийин тамак-ашты алты саатка чейин ойлобошу керек", — деди Кейпхорн.

Ал ошондой эле уктаар алдында табиттин ачылышы да кандагы канттын жогорулашынын белгиси деп эсептейт. Андан сырткары, кант диабети өрчүп жаткан маалда бейтап туздуу тамак жебесе дагы суусай берээри белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0