Республика боюнча согуштун 224 ардагери калды

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүСогуш ардагери. Архив
Согуш ардагери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү алардын саны жылдан-жылга кыскарып бара жатканын айтты.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Бакирдин Субанбеков республика боюнча Улуу Ата Мекендик согуштун 224 гана ардагери калганын парламенттин жалпы жыйынында айтты.

Ал өз сөзүндө 9-май — Жеңиш күнүнө бир жума калганын, андыктан ардагерлерге өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

"9-май — Жеңиш күнү. Улуу Ата Мекендик согушка катышып, бизге жарык маанай тартуулаган ардагер баатырларыбыздын саны азайып баратат. Мына бүгүн жалпы республика боюнча 224 гана киши калыптыр", — деди ал.

Депутат ошондой эле өзү жыл сайын Жайыл районундагы Кара-Балта шаарындагы ардагерлер менен жолугарын айтты. Аталган шаарда жалпы жонунан 23 гана ардагер болсо, быйыл 17си калганын кошумчалады.

"Анын төртөө гана өзү басат, калгандары төшөктө экен. Ардагерлерге көңүл буруп койсоңуздар", — деди эл өкүлү.

Эске салсак, быйыл Улуу Жеңиштин 74 жылдыгы белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0