Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери канча акча алат? Министрликтин жообу

© Sputnik / Александр Мазуркевич / Медиабанкка өтүүСогуш ардагери. Архив
Согуш ардагери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл Улуу Ата Мекендик согуштун аяктаганына 74 жыл болот.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. 1-апрелге карата маалымат боюнча республикада Улуу Ата Мекендик согуштун 356 ардагери жашайт. Бул тууралуу КРдин Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Анын ичинен 91 адам майып, 17си концлагерлердин жашы жете элек туткундары жана 24ү Ленинград блокадачылары.

Ошондой эле бүгүнкү күндө 2164 ооруктун эмгекчилери бар. Алардын 356сы — майып. Согушта каза болгондордун жесирлеринин саны - тогуз. Ал эми согуштан кайтып, кийин көз жумгандардын 2579 жесири жашап жатат.

Шествие Бессмертного полка в Бишкеке к 72 годовщине Победы - Sputnik Кыргызстан
"Өлбөс полктун" Бишкектеги катышуучулары Жеңиш туусунун көчүрмөсүн алып чыгышат
Кыргызстанда 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин социалдык колдоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт. Акчалай компенсациянын өлчөмү төмөнкүдөй:

согуштун майыптары жана катышуучулары, Ленинград блокадачылары жана концлагерлердин жашы жете элек туткундары — 7000 сом;

майыптуулугу бар ооруктун эмгекчилери жана эмгек армиячылары — 2000 сом;

курман болгондордун жана майдандан кийин каза болгон согуштун катышуучуларынын жесирлери, майыптыгы жок ооруктун эмгекчилери — 1000 сом;

Мындан тышкары, согуштун майыптары жана катышуучулары, Ленинград блокадачылары жана концлагерлердин жашы жете элек туткундары 2010-жылдан тартып президенттин өмүр бою ай сайын берилүүчү 10 миң сом өлчөмүндөгү стипендиясын алышат.

Жыл сайын 9-майга карата бир жолу берилүүчү акчалай жөлөкпул төлөнөт. Анын өлчөмү киши башына 10-15 миң сомду түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0